Талант Мамытов компьютердик клуб ачкандан көрө майып карындашынын абалын сурап койбойбу

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов кандай ыкма менен акча таап жатканы
боюнча бизге маалымат түштү. Өздүк булактын берген маалыматына караганда, ал 4 ай
мурун Бишкектеги Жал кичи районуна 200 адамга ылайыкташкан компьютердик оюн
клубун ачып капчыгын калыңдатып жатканы белгилүү болду. Бирок Талант мырзанын
Майлуу-Суу шаарындагы аталаш карындашы инсульт болуп 4 жаштардагы кызын жалгыз
чоңойтуп жатканы айтылууда. Болгондо да 22 жаштарда экен. Депутат мырза
парламенттен бакылдабай карындашыңызга көмөк кылып, ашкан акчаңызга, оюн
клубун ачпай элди жумуш менен камсыздоочу ишкана салып салбайсызбы ыя?

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу