Талант Кадыров, «60 К» тобунун ырчысы: «Жубайым экөөбүз ата-энебизге айтпай баш кошуп алганбыз…»

— Саламатсыздарбы? Маекти экөөңүздөрдүн таанышканыңыздардан баштасак…

Талант Кадыров: — Саламатсызбы? Жубайым Элмиранын бир тууган эжеси Гуля менен дос элем. 2006-жылы Бишкектеги кафелердин биринде музыкант, администратор болуп иштеп калдым. Кафенин алдында бильярд клубу бар эле, ал жакка кыздар керек болуп, Гуля «сиңдимди ишке албайсыңбы»- деп калды. Элмираны биринчи көргөндө эле жактырдым. Бул деле мени көргөндө жактырган экен (күлүп). Ошентип бул бильярд клубда иштеп калды. Күндө тыныгуу маалында бильярд ойночу болдум. Акыры жакындан таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. 1 айга жеткирбей сүйдүрүп алдым.

Элмира Ыстамбаева: — Талант менен таанышканда эле «бирөө тийишсе мага айт, чогуу качабыз» -деп тамашалаганы эсимде. Бильярдда иштеп жүргөндө Талант келип, өзүнчө эле «шеф» болуп «чай, тамак алып келсин» -деп мага буюртма берип калчу.

 — Ошол мырза жолдошум болуп калат деп ал учурда ойлодуңуз беле?

Э:— Жок, антип деле ойлогон эмесмин. Муну талашкан кыздар да толтура эле. Кардарлар, ошол жерде иштегендер «бул бош эмес, менин жигитим болот»- дегендей кептерди айтып калышчу.

Т.: — «Демек, мага буйрук эмес экен»- деп калдың анан (күлүп).

— Кыз-жигит кездеги кызыктуу окуялардан айта кетсеңиздер.

Т.: — Эрнест Бөрүбаев аркылуу түрмөдө отурган бир байке менен таанышып, ырчылардын баары аны көрүш үчүн азык-түлүк алып түрмөгө барчубуз. Бизге кызык эле. Ала келген азык-түлүктөрдү дубалдан ары ыргытабыз. Алар болсо кайра белек катары бизге жыгачтан колго жасалган буюмдарын ыргытат. Бир күнү «жүр, сени бир байке менен тааныштырам»- деп ал жакка Элмираны ээрчитип барып тааныштыргам. Кийин тиги байке бизди атайын чакырып «Таке, бул сага менден белек, а сен өзүң белек кылып ал»- деп бир кутуча ыргытты. Ачып карасам кызыл жүрөкчөдө «Таланттан Элмирага…» деген жазуу бар экен. «Күзгү махабат» деген ырымды келинчегиме арнагам. Ошол клипте келинчегиме кызыл жүрөкчө берем го, ошол.

Э.: — Талант түрмөгө ээрчитип барганда кинодогудай элестетип, көзүмө  Супермендей көрүнүп, “ушундай адамдарга жолугуп жатабыз”-деп  аябай башкача болгом.

— Жубайыңызды сүйүп калганыңызды качан билдиңиз?

T.: — Чынын айтсам, башында сүйчү эмесмин, жактырчумун. Бир күнү Элмира «апам ооруп жатат» -деп Жалал-Абадга кетти. Апасы «ырчы жигит менен сүйлөшпө»- деп каршы болчу. Көрсө, менден ажыратыш үчүн алдап чакырып, Элмираны эжесине кошуп Астанага кетирип жибериптир. Телефон чалам, жок, издедим, жок. Ошондо гана сүйүп калганымды билип, жүрөгүм ооруп кыйналып жүрдүм.  Бирок ичип, жаман жолдорго барган жокмун. Бир күнү дос кызым «сенин сүйгөнүң Астанада жүрөт» -дегенде гана билдим.

Э.: — Астанада жүргөндө ага чейин Талантка эжемдин номеринен телефон чалып, сүйлөбөй тыңшап туруп өчүрүп койчумун.

— Анан эмне кылдыңыз?

Т.: — Бир күнү Артык менен Сапар, Тынар Курбаналиев болуп Астанадагы мекендештерге концерт уюштурмакчы болдук. Мен концерт үчүн эмес, Элмираны табуу үчүн баратам. Астанадан 1 күн кечке кыргыздар көп жерлерди, базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып Элмираны издеп, тапкан жокмун. Акыркы үмүтүм концертте калды. Укса келет деп күттүм. Концерт да башталды. Ырдап жатып  ар бир кишини карап жатам, көрүнбөйт. Концерт бүттү, «демек, келбептир»- деп маанайым түшүп калды. Эшикке чыксам күйөрмандар кол тамга сурап калышты. Бир маалда эле «Талант байке, мага да кол тамга бересизби?»- деген тааныш үн угулду.

Э.:— Эжем Таланттар концерт коюп келгенин мага айткан эмес, бирок өзү барган экен. Үйдө отурсам эле эжем эшиктен жылмайып кирип келди. «Эмне болду?»- десем, «Талант келиптир, сени чакырып жатат» -деди. Чыксам туруптур.

Т.: — Ошентип экөөбүз жолугуп, таң атканча Астанада сейилдедик. Эртеси Элмира бизди узатканы келип, ыйлаган боюнча калды. Мен болсо коштошордо баягы жүрөкчөнү берип, кыйналгандын, депрессиянын баарын Астанага таштап келе бердим. Элмира артымдан издеп келиптир. Эмнегедир кайра мен муну көргүм келбей калган экен. «Мени таштап кетти»- деп таарынган окшойм. «Сенин жаныңда болоюн»- десе болбой, кайра Астанага салып жибердим. Ошол боюнча 3-4 жыл көрүшкөн жокпуз. Астанадан кийин Москвага барып иштеди. Кайра 2012-жылы жолугуп, 2013-жылы экөөбүз ата-энебизге айтпай никебизди кыйдырып алып, Орусиянын Иркутск шаарына кетип калдык.

Э.: — Экөөбүз жолукпай жүрсөк да, агенттен жазышып жүрдүк. Мен Москвада жүрсөм да, Талант тааныштарын жиберип жардам берип турчу.

— Талант мырза, анан сизди кайын журтуңуз кандай кабыл алды?

Т.:— Азыр кайнатам менен кайненем мени өз баласындай эле көрөт, аябай жакынбыз.

— Кызганбаган артисттин аялы болбосо керек. Жолдошуңузду кызганасызбы?

Э.: — Жөнү жок кызганбайм. Кызганганга себеп деле жок. Талантка толугу менен ишенем. «Чогуу ырдайын дедим эле», «ырларыңыз жагат» -деп жазгандар көп эле болот. Эл адамы болгондон кийин туура түшүнөм.

-Бирок жолдошуңуз «Айя менен экинчи ирет дуэт жаздырарда келинчегим каршы болгон» деди эле?

Э,:— Башында туура эле кабыл алдым. Клибине деле тартылгам. 2-дуэтти ырдайлы дегенде бир аз каршы болдум. Кызганычтан эмес, элдин ашыкча сөзүнөн качтым. Туугандарым, тааныштарым  «тиги экөө мындай экен го»- деп менин жүрөгүмдү кысып айта башташты. Эл дагы азыр бетке айтышат экен да. «Ушундай экен го экөө» дешсе уялып кетем. «Эмне эле буларга жабышып калышты?» -деп кайра аларды жаман көрөм. Айя менен деле мамилем жакшы. Болгону элдин сөзү үчүн каршы болгом, анан кайра макулдугумду бердим.

— Талант мырза, «качан келесиң?»- деген СМСтерден тажаган учуруңуз болбойбу?

Т.: — Чынын айтайынбы? Ошондой СМСтерден кээде тажап калам. «Качан келесиң?» «Ким менен,  каякта жүрөсүң? «-деп жаза берчү. «Менин телефонумду аңтарба, анан кечке жаза бербе! Эгерде ошенте берсең, анда экөөбүздүн ынтымак ыдырап, мамилебиз  сууп, уруша баштайбыз» -деп түшүндүргөм. Башында жакшы эле жүрдү. Анан кийин баштады. Кулагына «антпе» деп куюп жүрдүм. Такыр болбогонунан бир күнү катуу урушуп кеттик. Ошондон бери телефонумду текшербейт, жөнү жок жаза бербейт.

— «Балалуу болгондо сүйүү балага өтүп кетет» дешет. Ошондой бекен же сүйүүңөр мурункудай ысык бойдонбу?

Т.:— Чынын айтыш керек. Бүгүн биринчи ирет айтып жатам. Сүйүү балага өтөт экен. Баарынан да бала биринчи ролго чыгат тура. Үйгө келер замат балама көңүл бурам, анан келинчегиме көңүл бурам.

Э : — Мага деле ошондой болот. Бирок мен үчүн баламдын да, жолдошумдун да өз орду бар.

— «Аял жакшы — эр жакшы» дейт.

Т: — Менин оң колум, оң бутум, оң көзүм, жүрөгүм, кеңешчим, сынчым — жубайым. Жубайымсыз мындай ийгиликке жетпейт элем. Ар дайым жардамын, колдоосун көрсөтүп келет. Буюрса, жакшы жаңылыгыбыз бар, келинчегим кош бойлуу. Ошондуктан жакында өтчү концертимде жубайым жардам берем десе болбой жатам. «Сен сарсанаа болбо, баарына өзүм жетишем. Болгону мен WhatsApp’тан номер, даректерди жиберем, аларды кагазга жазып тур. Мен унутуп калып жатам» дедим. Себеби иш көп болуп жетишпей калуудамын. Ошентип келинчегим мага «заметка» болуп жүргөн чагы. Силердин гезит аркылуу айта кетейин, жубайымды суйом, ага ыраазымын.

— Бактылуу болунуздар!

Асхат Субанбекоз 

БУЛАК:Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу