Талант Исаев кайрадан кызматка келди

Генерал-майор Талант Исаевди бүгүн расмий түрдө Атайын күзөт кызматына киришти. Бул тууралуу 24.kg билдирет.

Буга чейин, кайсыл кызмат сунушталып жатканы боюнча Талант Исаев кабарсыз экендигин билдирген. Бирок пенсияга чыга турган убакыт алыс экенин айтып, кайсыл кызмат болсо да мекен үчүн ак ниети менен иштеп берээрин айткан.

Эске сала кетсек, туура бир жыл мурун Талант Исаев ээлеген кызматынан кетүү үчүн арызын жазган. Сот иниси Канат Исаевди үй абагына которгон. Күч органдарынын бирин жетектеген Талант Исаевдин дагы бир отставкага кетүү чечимине так ушул иниси Канат Исаев да себепчи болгонун коомчулук жакшы билсе керек. Анткени ага-инилерге ошол маалда мурунку бийлик тарабынан куугунтук жакшы эле болгон.

Ушинтип Исаевдердин үй-бүлөсүндө болгон сыноолор акырындап өтүп жаңы барак ачылып жатат десек да болчудай.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу