Талант Барпиев көөп кетти…

Бишкек шаардык патрулдук милиция башчысы Талант Барпиевдин мыйзамсыз жасаган
кылыктары күн сайын күчөп баштады. ИИМдеги «крышасы» башчысы таластык
Искандарбек мырзага таянып алып тайраңдаганын койбоду.
Кечээ жакында МАИ кызматкерлерине тапанча такап качып кеткен факты боюнча
адилеттүү чечим чыкпай калыптыр.
«Тапанча такаса эле эмнеге качырып жибересиңер» – деп байкуш МАИ кызматкерлерин
иштен кетиришиптир. Ушундай кантип болсун, эмне өлүш керек беле. Тигил тапанча
такаган бандиттер акыры кармалыптыр го, артынан кууп барып колго түшүрүшүптүр го.
Баарынан кызыгы Бишкек патрулдук милиция башчысы Барпиевге жетекчи катары эч
кандай чара колдонушпаптыр. Барпиевге баары боло берет экен. Бирөөнү мыйзамсыз
ишке алса да, мыйзамсыз иштен кетирсе да. Кыскасы бул киши көптү..

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу