Талантбек Эргешов Улуттук гвардиянын командачысы болду

Кыргызстандын аскердик тармагында бүгүн 19-январда бир катар жаңы дайындоолор болду. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Талантбек Эргешовду Улуттук гвардиянын командачысы, ал эми Акылбек Ибраевди Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кылып дайындады.

Нурлан Кирешеев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары болду.

Ал буга чейин Кургактагы аскерлердин командачысы болчу.

Эми бул кызматты Алмазбек Карасартов аркалайт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу