Талантбек мырза кимдердин таламын талашат?

«Манас» аэропортунун Ош областындагы филиалынын директору Талантбек Ысаковдун чабалдыгы дейбизби же кайдыгерлиги дейбизби айтор, коопсуздук тармагында иштеген кызматкерлер нааразычылык акциясына чыкты. “Бармак басты, көз кысты” саясаты менен коопсуздук тармагына «өз кишисин» жетекчи кылган Ысаков митингге чыккандардын талабын уккусу келген жок.

Дегенибиз, 5-6 адам эмес жүздөгөн кызматкерлер нааразычылыгын билдирип атса дагы, көзүм көрсө «немемди» бөрү жесин логикасы менен үн катпай олтурду. Алар деле жанына күч келгенде чыкты да, туурабы? Жетекчи болгондон кийин кызматкерлердин арыз-муңун угуп, алардын таламын талашып койбойбу…

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу