ТАЛАНТБЕК БАТЫРАЛИЕВ ООРУКАНАГА КЕЛИП ООЗУ АЧЫЛЫП…

Саламаттыкты сактоо министри ооруканалардагы дааратканалардын жана жер төлөлөрдүн абалын көрүп эси ооп кулап кала жаздаган имиш. 3 жылдан бери бул киши дааратканага кирбегенби же калп эле анткорлонуп жатабы ким билсин. Же креслодо кычырап отуруу менен өзүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп алып, карапайым калк жаны сыздап ооруп жатып кандай күнгө туш болуп жатканы менен ушул күнгө чейин иши болбогонбу, айтор бүгүн араң ооруканадагы абалды көрүп зээни кейип жаткан чагы экен.

Медициналык жайларды кыдырган Батыралиев ооруканалардын имараттары эски болсо дагы тазалыгы менен айырмаланып турушу керек деп, ооруканалар медицина жыттанбай эле даараткана жыттанып жатканын айтып нааразы болуптур.

Министр болуп келген жылы алгачкы 6 айда өлкөнү түрө кыдырганын айткан министр андан кийин бул адатын токтотконбу айтор андан бери дарактар куурап, оорукананын ичи дагы сырты дагы мышык ыйлагыдай абалга келгенин белгилеген.

Кемчилигин айтсаң эле акчага шылтап, кол куушуруп отурган айрым оорукананын жетекчилерине мисал боло турган дагы бир нече ооруканалардын бар экенин билдирген министр. “Медицинада тазалык болушу керек” деген Талантбек мырза ишти ушинтип колго алып, текшерүүлөрдү байма-бай жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүп турса эле ооруканалар жылымчы жыттан арылганы жатпайбы!

“Балык башынан сасыйт” деген жакшы кеп бар эмеспи кыргызда. Анын сыңарындай жетекчилик мактоого арзырлык иштеп турса эле кол алдындагылар андан үлгү алат эмеспи.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу