Талантбек Батыралиев “обманщик”

«Обманщик» деген сөздү кыргызча которсо алдамчы болуп калат да. Саламаттыкты
сактоо министри Талантбек Батыралиевдин курулай убадасына алдангандар
журналисттерден тартып, жөнөкөй элдерге чейин бар экендиги маалым. Дайыма тил
эмизип келген министр: «Менин телефонум эч кимден жашыруун эмес жана бардык
суроолорго жооп берем» – деп айтканы менен ушул күнгө чейин көп эле алдады. Же
камырдан кыл сууругандай «мени жөн эле койгулачы» – деп суурулуп, чыгып кетет.
Журналисттер го көнүп бүтүшкөн. Айланасындагылардын шашылыш маселесин да
чечпей, улам кетенчиктей бергенинен улам бирөө жарымы жаны кашайганда
«обманщик» деп койгонбу айтор, бул лакап ат министрге түбөлүк жармашкандай. Эми
энчиленген аттан арылыш үчүн далай-далай иштерди жасашы керек, албетте өзү
кааласа.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу