Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш иши жандандырылды

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынан мурдагы башчысы, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш ишин жандантты. Бул маалыматты көзөмөл органынын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы козголгон кылмыш иши токтоп турган. Иш жандандырылып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. Азырынча эч кимге айып коюла элек.

Былтыр Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 28-мартта өткөргөн тендерге байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») факт боюнча иш козгогон.

Анда Сарпашев вице-премьер-министр болуп турган кезинде Мамкаттоодогу тендерде жеңилген компаниядан жарандардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн бланктарын сатып алууга уруксат бергени айтылган.

Тайырбек Сарпашев бул иште мыйзам бузуу болбогонун, өзүнө карата ачылган кылмыш иштеринин токтотулганын билдирген эле.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу