Таза экс-президентке кол тийбестиктин кереги жок

Кыргызстанда 2001-жылы биринчи президент жөнүндө атайын мыйзам кабыл алынып, анда өлкө башчысы пенсияга чыкканда укуктук жактан жооп бербестиги, анын үй-бүлө мүчөлөрү, китепканасы мамлекеттин эсебинен каржылана тургандыгы, бардыгы кол тийбестик укукка экендиги тууралуу норма киргизилген болчу. “Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту” дегендей, коомчулукка жаман көрүнүп жатып кабыл алдырган мыйзамынын биринчи президентке Аскар Акаевге кенедей да пайдасы тийбеди. Ал эл толкуганда баарын унутуп, куйрукту түйүп качып кетти. Андан кийин экинчи президент да өзүмө пайдасы тийип калар деген ойдо, ага тийишпеди эле, ага да экстиктин үзүрү буйрубады. Ал эми 2010-жылдын 27-июнундагы жалпы элдик референдумда жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, “мыйзам алдында Кыргызстандын бардык жарандары бирдей” деген норма бекемделгенден кийин ал мыйзамды кайра карап чыгуу зарылчылыгы пайда болду. Анткени, “экс-президент, анын мүлктөрү кол тийгис” деген норма Баш мыйзамдын жогоруда аталган нормасына карама-каршы келип калды.
Мына ушундан улам Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 2001-жылдагы аталган мыйзамды кайра карап чыгып, аны өлкөнүн Баш мыйзамына шайкеш келтирүү жөнүндө маселе көтөрүшүүдө. Биздин оюбузча, ал абдан туура. Цивилдүү, демократиялык жана укуктук өлкөдө кол тийбестик деген түшүнүк болбошу, эгерде аракеттеги же мурдагы мамлекет башчыларынын мыйзам бузгандары аныкталса, алар бардык жарандардай эле мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек. Экс-президенттер өнүккөн өлкөлөрдө бир катар артыкчылыктарга ээ болгону менен кылган ишине, жасаган аракеттерине жооп берет.  Мас абалында бир адамды машинасы менен тебелеп кеткендиги үчүн өткөн жылы Сауд Аравиясынын бир ханзаадасы өлүм жазасына тартылды, ага король да ырайым кылбады. Корупцияга аралашкандыктары үчүн акыркы чейрек кылымда Түштүк Кореянын пенсиядагы жана аракеттеги 3 президенти кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Түштүк Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдө андай жаңжалдар ар эки-үч жылда эле болуп турат. Франциянын экс-президенти Саркози коррупциялык шек менен сурак берүүдө, айыптары далилденсе камалышы да мүмкүн.
Республикабыздын тарыхында И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиев сыяктуу жетекчилер өткөн. Алардын айрым иштеринде кемчиликтер кеткени менен эч качан бирөөлөрдөн пара алышкан эмес, керт баштарынын пайдасы үчүн республиканын кызыкчылыктарын сатышпаган, афераларга, авантюраларга аралашышпаган.   Андай адамдарга “кол тийбестиктин” зарылчылыгы бар беле? Албетте, жок. Алар пенсияга чыккандан кийин да эч кандай мыйзамдык иммунитеттери жок эле эл арасында жашап, иштеп жүрүштү. Кол тийбестик маселеси — биринчи президенттин үй-бүлөсү эпсиз байып кеткенде гана — кийин буларды бирөө тартып алып койбосун деген ойдо алар тарабынан чыгарылган. Демек, ал мурдагы биринчи үй-бүлөлүк башкаруудан калган зыяндуу көрүнүш катарында жокко чыгарылуусу зарыл.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу