Таза сууга сарамжал болсок

Күн өткөн сайын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө суу баасы алтынга барабар болуп баратат. Ушундан улам Кыргызстан суу ресурстарына бай экендиги баарыбызды сыймыктандырат. Деген менен бизде деле ичээрге таза суу издеген айылдар арбын экендигин кантип жашырабыз? “Суу – баалуу ресурс, каалагандай пайдалана бергидей ал товар эмес”, — деп айтты жакында Бүткүл дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперти Дэйвид Мишо. Анын пикиринде, суу — Кыргыз Республикасынын эң маанилүү жаратылыш ресурсу. Арийне бул байлык сарамжал мамилени жана сабаттуу башкарууну талап кылат. Учурда Бүткүл дүйнөлүк банк жалпы саны 210 миңден ашык калкы бар 100дөн ашык айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча программаны каржылап жатат.

Тактап айтканда 59,5 миллион доллар бөлгөн жана анын 45%ы – грант, 55%ы жеңилдетилген кредит болуп эсептелет. Кыргызстандын мыйзамдарында суу товар деп жазылган эмес. Кыргызстандыктар өлкөнүн кооз табияты, көлдөрү жана дарыялары менен сыймыктанганды жактырышат, бирок тилекке каршы ресурстарды пайдаланууга келгенде ысырапкор мамиле жасашат. Ошондуктан, таза сууга сарамжал мамиле кылганды үйрөнүшүбүз керек. Таза суу маселеси дегенде алыскы келечек тууралуу ойлонуу зарылдыгы да бар. 20-30-жылдан кийин да Кыргызстанда жакшы сапаттагы суу жетиштүү болушу керек. Айтмакчы, жетиштүү делген суубузду пайдаланууда эл аралык уюмдарыдын каржылык жардамына муктаж болуп жаткандыгыбыз өкүндүрөт. Андан улам учурда муздак сууга болгон тарифтерди жогорулатуу сунушталууда.

Албетте, жарандар ойлонбостон туруп эле бул сунушка нааразы болуп, чалкаларынан кетишери шексиз. Анткени, калк муздак суунун 1 кубметрин (1000 литр) 5,4 сомдон алып көнүп калган. Муну дээрлик бекер десе да болот. Ал суунун өздүк наркы 8 сом тургандыгын эске албай, ошол өздүк баасы менен сатылсын дегенге каршы чыгып жаткандарга жол болсун дегенден башка сөз жок. Таза суу итбекер болгондуктан калк, айрыкча шаардыктар ичүүчү таза сууну максатсыз пайдаланышат. Маселен жеке менчик турак үйлөрдө суу пайдалануу боюнча бир адамга күнүнө 170 литр суу деген нормалар эч сакталбайт – кааласаң унааңды, акчаңды аясаң килемиңди жууйсуң.

Ошол эле учурда Европада чоргодон аккан накта таза суу түшкө кирбей тургандыгын деле этибар албайбыз. Эгерде, биз ошондой деңгээлге жетпейли десек, таза сууга тарифтерди кайра карап чыгуу зарыл. Алыс барбай эле айтсак — кошуна Казакстандын башкалаасы Астанада 1000 литр суу 14,4 сом, Москвада 30 сомдон ашык турат. Айтмакчы, дүкөндө желим бөтөлкөдөгү 1 литр сууну 20 сомго сатып алган адамдар эмнегедир үйүндө шаркырап аккан таза суунун 1 000 литрине 8 сом төлө десе, нааразы болуп жаткандары кызык эле көрүнөт экен. Же таза сууга сарамжал мамиле кылууну үйрөтүүнүн башка жолу бар бекен?!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу