Тазабек Икрамов: «Мамлекеттик тилди «бытовой» деңгээлде билгендер «бытовой» иштерде иштесин»

– Тазабек мырза, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча көйгөйлүү маселени көтөрдүңүз го?

– Көрүп атасыздар да, кыргыз тили боюнча комиссия түзүлүп, канчалаган акчаларды бөлүп берип жатабыз. Бирок, эч кандай алдыга жылыш жок. Биздин жетекчилер, президент, премьер-министр баш болуп башка өлкөлөргө барганда өзүбүздүн эне тилибизде сүйлөшсө болмок. Анткени, башка өлкөлөр «булар кайдан келишкен, же Россиянын карамагында турган республикабы» деп таң калып атышат. Кыргызстан эгемен өлкө болгондон кийин бул маселени башкача көтөрүшүбүз керек да. Кээ бир аткаминерлерибиз кыргызчаны «бытовой» деңгээлде гана билишет. Эки сөздү чала-була кыргызча сүйлөп, учурашып койсо биз сүйүнүп атабыз. Андай болбошу керек да. Мамлекеттик тилди «бытовой» деңгээлде билсе, анда «бытовой» иштерде иштесин. Жок, мамлекеттик иште иштейм десе, жогорку деңгээлде билиши керек. Ошон үчүн мен «мамлекеттик кызматтарга кыргыз тилин мыкты билгендер гана келсин» деген маселени коюп жатам. Атүгүл депутаттарга да ошондой талапты коюу керек. Эгер мамлекеттик тилди билбесе, алардын Жогорку Кеңешке келип отурганынын эч кажети жок.

– Анүчүн атайын мыйзам кабыл алынышы керек да. Сиз депутат катары ошондой мыйзамды демилгелейт белеңиз?

– Кудайым буюрса.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу