Тазабек Икрамов: газ заправкалары кооптуу абалда

Тазабек мырза, автоунааларга газы колдонуунун коопсуздугу тууралуу сурооңузга өкмөт мүчөлөрү так жооп бере албай коюшту окшойт. Бул маселе канчалык актуалдуу?

– Айдоочулардын көбү азыр акчаны үнөмдөш үчүн бензинден газга өтүп жатышат. Мында эң негизги маселе – бул газ куйган заправкалар. Аларда коопсуздук эрежелери сакталбайт. Кошуна өлкөлөрдө газ куйган заправкалар өзүнчө жайгашкан. Заправкага кирердин алдында ичиндеги жүргүнчүлөр жерге түшүрүлүп, жалгыз гана айдоочу калат. Андай машиналар сөзсүз шамалдуу жерде турушу керек. Заправкада «пропан» жана «метан» деген газдар колдонулат. «Пропан» эң зыяндуу, эң кооптуу. Бизде азыр «пропан» колдонулуп жатабы, же «метанбы» – муну эч ким көзөмөлгө алган жери жок. Бул биздин жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү нерсе.

– Заправка учурунда газ баллондоружарылып кеткен учурлар али боло элекпи?

– Кудай сактасын, Бишкекте боло элек. Бирок, башка региондордо болгон. Мисалы, былтыр эле Көлдө болду. Каза тапкандар бар. Сөзсүз эле жарылып, кимдир бироо каза болгондон кийин гана ызы-чуу түшүп калбастан, алдын алышыбыз керек да.

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу