ТАЕНЕСИ ПЕНСИЯ АЛСА НЕБЕРЕЛЕР ЖӨЛӨК ПУЛСУЗ КАЛАБЫ?

Деги эле Кыргызстанда пенсия чегерте албай же жөлөк пул ала албай жүргөндөрдүн саны күн санап өсүп барат. “Муздаткычың бар экен, телевизор көрөт турбайсыңарбы” деп жаш балдарга жөлөкпул чегербей келген учурлар ого эле көп экенин билебиз. Эми болсо апаң пенсия алат экен деп апасы менен бирге жашабаган эле замандашыбыздын 3 баласына жөлөк пул берилбей жатыптыр.

Бизге кайрылган Темирбек кызы Эркингүл Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында жашайт. Каттоодо ата-энесинин үйүндө турганы менен өзү ижарага үй алып, өзүнчө түтүн булатып келет.

“Учурда 3 балам менен ижарага үй алып турам, балдарымды жалгыз багам. Апамдын үйүндө каттоодо тургандыктан апаң пенсия алат экен деп балдарыма жөлөкпул бербей коюшту. Квартирада өзүмчө тура десем каттоого тур дешти, бирок үй ээси мени каттоого тургузбай койду. Каякка барып арызданарымды билбей отурам”,-дейт ал.

12- 6 – 4 жаштагы 3 баланы жалгыз баккан эне апасынын пенсиясы 4500 сом экенин айтат.

“Апам инимдин 4 баласын өзү араң багат, келинибиз балдарын таштап кеткен боюнча дайынсыз. Иним болсо ар кандай иштерди аткарып күнүмдүк бир аз тыйын таап келет. Жөлөк пул алуунун жолдору өтө эле татаалдашып кетти. Апамдын пенсиясы өзүнө тиешелүү каражат да, анын үстүнө бирге турбасак”,-дейт Темирбек кызы Эркингүл.

Бактылуу карылыкка жетип, бакубат жашоо сүрөр кезинде мамлекет баш болуп карыган кишинин жарыбаган 4500 сом пенсиясын аңдып отурганына жол болсун! Бул маселе боюнча Социалдык өнүгүү министрлигинин версиясын угууга да даярбыз.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу