ТАГДЫР: АПА, ЖЕӉЕМДИ УРУШПАЧЫ…

– Апа, мен жакында бирөөнүн босогосун аттап, келин болом да.

– Кагылайын, өзгө үйдө жүзүӊ жарык болсун. Бактылуу бологой,- деп апам башымдан сылап койду.

А бирок жаным жай албай, тынчсызданганымды койбойм. Менин апам асыл жан, аны эч бир адамга жамандыгы жок, акылдуу айым деп билчү элем. Азыр деле ал оюмдан кайтпайм. Болгону кээде анын адилетсиз кылыгына айласыздан тилимди тиштеп тим болом. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Менден улуу агам бар, аты Медет. Байкемди үйлөнөт дегенде, төбөм көккө жетип аябай кубангам. Агам да үйлөндү. Ага өзүнө окшогон токтоо, чырайлуу кыз жубай болду. Мына ошондо кызыктын баары башталды. Баягы акыл калчап иш кылган акылман апам жок. Күндөн күнгө өзгөрүп эле барат. Байкуш жеӊемдин кылган ишинен кыйкым таап, качан болсо арызданганы арызданган. «Же үйдү таза кармабайт. Кыйратып тамак жасаса бир жөн. Ушул бучук мурундун кайсы жерин жактырды уулум? Башын айлантып эле тийип алды. Ушундай болорун башында эле сезгем…» деп куру доомат артканын койбойт. Жеӊем эмне кылсын, байкемдин көӊүлү деп бир ооз сөз кайтарсачы. Баарын унчукпай жеӊет. Бир жолу кошуна эже менен короодо сүйлөшүп отурган апам болушунча жеӊемди жамандап жатат.

– Колунан эч нерсе келбейт. Сулууланып эле отурса болду. Апасы эч нерсени үйрөтпөптүр да. Кудагый сыртынан эпчил эле аял көрүндү эле. Эми эмнесин айтасыӊ, кошуна, адаштым да, адаштым. Муну угуп апама ачуум келип кетти. «Апа, болдуӊуз» десем, кайра мага атырылып кирди.

– И-и, эмне, сага апаӊдан да ошол агаӊды ээрчип келген неме кымбат боло калдыбы? Эми силерди дагы мага каршы кылып жатабы ал жарыбас, ыя?

– Коюӊузчу эми, жеӊем угуп калса эмне болот?

– Уксун! Тажадым ага үйрөтө берип. Таарынса кетип тынат.

Эч качан апамдын мындай кайнене болорун ойлогон эмес экенмин. Мени таӊ калтырганы, байкем жумуштан келгенде жеӊемди «кагылайын кызым» деп калганычы. Өзүмдү тууган энеме ушунчалык жиним келет деп он уктасам түшүмө кирбептир. Эки ортодо же апамдын оозун тыя албай, же жеӊемдин тарабын талаша албай кыйналып кетчү болдум. Байкем мунун баарын билсечи. Бир айдан кийин мен дагы турмуш жолуна аттанганы турам. Буга чейин турмушка чыксам, жолдошум менен жыргап эле жашап кетчүдөй туюлчу. Апамдын жеӊеме жасаган мамилесин көрүп ичимден сызып баштадым. Мага кайненем кандай мамиле жасайт болду экен? Ал дагы апамдай күн көрсөтпөй койсочу? Алтындай апам бирөөнүн перзентинин баркына жетпей, кагып-силкип жатса, мага башкалар кандай мамиле жасамак эле? Канча жолу апама «бул дагы бирөөнүн бапестеп баккан баласы, урушканыӊызды коюӊузчу» деп сурандым. Кулак салуунун ордуна кайра мени кагып койчу. Бул жолу да жеӊемдин жасаган тамагына наалып, дагы уруш чыгарды. Ушул акыркы чеги болду окшойт.

– Апа, обу жоктуктун дагы чеги болот. Калп эле жеӊеме асыла бербеӊизчи!

– Сен унчукпай отур!

– Качанга чейин байкушка күн көрсөтпөй канын иче бересиз? Эртеӊ мен да бирөөгө келин болом, мени ойлодуӊузбу? Мага ушундай мамиле жасашса эмне кылам?- дегенде гана апамдын жаагы басылды. Ошол күндөн кийин үйдө жеӊемдин жасаган жумушунан улам уруш чыгара элек. Бирок мен турмушка чыгып кетсем, жеӊем кайсы күндү көрөт?

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу