Тагдыр: Өз кызыма кайненемин…

-Жашоонун татаалдыгын кеч түшүндүм. Мен чындыгы өз наристемден кечейин деген оюм жок эле. Бирок, турмуш ары бери калчап, куру намыстын айынан өз наристемден кечип, балдар үйүнө таштап кеттим-деп сөз баштады каарманым

-Мен анда 20 жашка толуп турган убагым. Келбетим көптү суктанткан, жаштыгымдын алтын доору эле. Шаардык кыз болгонум үчүн айылдык жигиттерди капарыма илчү эмесмин. Ошондой кундөрдүн биринде узун бойлуу, токтоо мүнөздүү бир айылдык жигит менен таанышып калдым. Ал мени жактырып калганын ачык эле айтып, артыман калбай ээрчип алды. Өзү бай жердин уулу болгондуктан, дайым менин каалаганымды оорундатып жүрдү. Мен анын байлыгына кызыгып, турмушка чыгууга бел байладым. Ошентип, кыз-жигитке айландык. Анын мага берилип жасаган мамилеси акыркы күндөрү ойго сала баштады. А менин оюмда ага турмушка чыгып, шаардан үй алып аны менен жашоо эле. Ойлорум орундалды. Баары мен каалагандай болду. Бирок, мен күйөм менен жашагым келбей калды. Эмнегедир боюма бүтүрсөм, мага үйдү таштап кетет деген ойдо жүрдүм. Жөнү жок чыр салып, уруш кыла бердим. Жолдошум мыкты адам эле менин кылыктарымды 2 жыл көтөрдү. Жыйынтыгында ал арыктап, чүнчүп адамдардан алыстай баштады. А менин максатым ажырашып, үйдү алып калуу эле. Тилекке каршы боюма болбоду. Бир күнү каттуу жаңжал чыгарып, үйдөн чыгып кетишин талап кылдым. Жолдошум унчукпай туруп, чемоданыма кийимдеримди салып үйдөн түртүп чыгырып салды. Жалдырап ыйлап, жалынсам да болбоду. Бир ооз да сүйлөбөдү. Арга жок үйүмө барсам апам урушуп кайра жөнөттү. Келсем үйдүн ачкычы алмаштырылган, эч ким жок. Ошол бойдон бир ай дайынсыз жоголду. Айылга барсам да кайын-журтум “кел” дегенге араң жарады. Ошондо колумда турган бакытты кармай албаганымды түшүндүм. Айласыз апамдын үйүндө жашап, иштей баштадым. Иштеген жеримде мен курактуу кыздар көп болгондуктан, тез эле аларга аралашып кеттим. Жумуштан кийин чогулуп ичимдик ичебиз. Түн бир маалда үйгө барам, кээде барбай калам. Сулуулугум арбалган эркектерде пайда боло баштады. Акырындап ошол жашоого көнүп бараттым. Бир күнү мас отурган жеримде жолдошум келип, ажырашуу үчүн сотко барышым керектигин курбуларымдын алдында айтып чыгып кетти. Ошол күндөн тарта жолум бошоп, каалагандай жашай баштадым. Ал тургай сотко да бир сүйүктүүм менен бардым. Эч маселесиз ажырышып отуруп калдым. Ишим жакшы болуп, өзүмдү бактылуу сезе баштадым. Өзүм каалаган жашоо жана өзүм каалган шаардык эркектер менен жүрөм. Ажарашканыма 6 ай болгондо күйөм келип, жарашып жашайлы деди. А мен аны карагым да келбеди…
Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим. Ал эми менин көңүлдөшүмө бул кабар жага бербеди. Ачыгы ишенбеди мага. Аны менен тартышып жүрүп убакыт өтүп кетип, алдырууга болбойт калды. Айла жок бир батирден чыкпай жатып, врачтарды үйгө жалдап келип кыз төрөдүм. Эми аны жок кылуунун айласын издей баштадым. Аны да таптым. Кеч киргенде балдар үйүнүн алдына таштап койдум. Эртеси эле шаарга дүң болуп маалымат каражаттары жарыялап жатышты. А мен акылсыз кутулганыма кубандым. Кайрадан адаттагыдай жашоо башталып, айланамды эркектер ээлей баштады. Бирок, бул жашоо көпкө созулган жок. 10 жылдай убакыт өттү. Кызымдын кусурубу же жолдошумдун убалыбы айтор, мага чындап үйлөнмөкчү болгон эркек жолукпады. Бир бөлмөлүү батирде, ишке барып-келип жашап калдым. Жалгыз калган сайын кызымды эстеп миң азап тарттам, жок дегенде бир жолу бетинен сүйбөгөнүмдү ойлоп, арман менен жашап жүрдүм. Бир күнү балдар үйүнө барсам менин кызым менен жашташ бир канча кыздар жүрөт, жетекчи менен ачык эле сүйлөштүм. Бирок, ал кыз жок экенин айтты. Жок дегенде атын коюп, бир белги коюп койсом эмне? Ошол күндөн тарта кызымды каттуу ойлоп, журөгүм ооручу болду. Мен акмакты кудай кечирбейт билем. Бирок, кызымды бир эле жолу көрүп, жыттап алсам гана! Менин акылсыздыгым ай! Мындай жашоо болбойт деп балдар үйүнөн 12 жаштагы баланы багып алдым. Ариетим абдан акылдуу болуп өстү. Бирок, ичинде арманы бар экенин сезчүүмүн. Аны бар күчүм менен окуттум. Мээнетимди актап, алда дарыгер болуп иштеп калды. Анан бир күнү үйлөнөөрүн, сүйлөшкөн кызы да балдар үйүндө тарбияланып, азыр бир мектепте мугалим болуп иштээрин айтып мени кубандырды. Чакан той өткөрдүк, үйүмө кут кирип, келиндин чайын ичип отуруп калдым. Бир күнү келиним, “Апа, мен сизге абдан окшош экенмин. Курбуларым кайненеңе союп каптап койгондойсуң, ал тургай сүйлөгөндө да-дешти ”-деди. Менин жүрөгүм жарылып кете жаздады. Байкаштыра баштадым. Чын эле өзүм. Кайсарлыгы да, кыймыл аракети да баары окшош экен. Чай ичип олтуруп тегин сураштырсам көз жашын көлдөтүп, “Мени балдар үйүнүн алдына таштап кетишкен экен. Ким экенимди, атымды, качан туулганымда такталган эмес. Ушундай боору таш аял жараткан экен. Аны бир эле жолу көрүп ичимдеги арманымды айтып алгым келет. Өмүр бою көрбөй калсам, эмне болот апа?”-деп каттуу ыйлады. Ошол кундөн тарта менде жан жок. Кайненелик милдетти аркалап келем. Жакында неберелүү да болом. Ага кызым, мени кечир деп айтып, жүрөгүмдү бошото албай жашап келем. Өлүмүм деле алыс эмес…

Азыр мен бактылуу бактысызмын! Кызымдын келин болуп, көз алдымда жургөнүнө кубансам, өз канымдан жаралганын айта албай азапта жашап келем. Кээде айткым келет. Жалдырап кечирим сурагым келет. Бирок, менден жүзүн буруп кетеби деп корком. Периштем, кызым менин. Жараткан менин күнөөм тоодой экенине карабай, кайрадан ушул бакытты бергенине ыраазы болом. Кээде кызымды келин кылып, чындыкты айта албай жүргөнүмө өкүнөм. Ал кандай кабыл алат? Эмне дейт? Билбеймин…

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу