ТАГДЫР-Күйөөм ырчы кызга үйлөнүп алды…

Учурунда менин тагдырымды апам өз колу менен талкаларын эч сезген эмес элем. Эмесе кеп башынан болсун. Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди жактырып эле баш кошконбуз. Силерден эмнесин жашырайын. Биздин жеке турмушубузга ачык эле кийлигишкен апам акыры күйөөм экөөбүздү ажыраштырып тынды. Анда биз базарда кийим –кечек сатып соода кылчубуз. Ачыгын айтсам апам акчаны аябай жакшы көрчү эле. Мындай адатына кийинки учурларда күйөөм да чыдай албай калды. Анткени апам андан күнүгө канча сомго соода кылганы тууралуу маалымат алып турчу экен. Анысын мен кайдан билейин. Бир күнү нааразы болгон күйөөм:

—Апаӊ мага таптакыр эле бухгалтер болуп алды го… Биздин акча менен анын кандай иши бар? Карыганда жөн эле тынч отурбайбы?!-деди ачуусун токтото албай.

—Энем сага эмне кылып жатат? Деги ачыгын айтчы,-дедим кыжалат болуп.

Ошондо күйөөм мага буга чейинки апамдын жоругун ачык эле айтып берди. Андан кийин апамдын айынан күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы ажырым күндөн-күнгө чоӊоюп бара жатты. Ал бир күнү  “тойдум байдын кызына”  дегенсип баарына кол шилтеп туруп үйдөн чыгып кетти. Өзү нарындык болчу. Кетип баратканда жөн кетпей  “мен керек болсо сенден да сулуу оштук кыз-келиндердин бирөөсүнө үйлөнүп алам” деп сөөмөйүн кезеди. Анын бул сөзүнө анча деле маани берген эмесмин. Себеби ал студент кезинен бери эле түштүктүк кыздардан тышкары өзбекстандык кыргыз кыздарды да жакшы көрөрүн мага эч жашырбастан айтып берчү. Нурсултан экөөбүз ажырашкандан кийин ал мага бир да жолу байланышпаганынан улам арадан беш жыл өткөн соӊ күндөрдүн биринде ага телефон чалып өзүм байланыштым.

—“Аял алсаӊ Ноокаттан, кор болбойсуӊ оокаттан,-деген таасын сөздү сен менден жакшы билсеӊ керек. Мен азыр ноокаттык бир сулууга үйлөнгөм.Эмесе мындан кийин тынчымды алба. Андан көрө апаӊ экөөӊөр топтогон акчаӊардан ырахат алып каалагандай жашагыла. Чынын айтсам апаӊдан аябай көӊүлүм калган. Ошон үчүн мени жайыма койчу,-деп жүрөгүмдү ооруткан бир топ сөздөрдү айтты.

—Эч болбосо бир жолу жолукпайлыбы. Апам азыр мурдагыдай эмес… Мен сага баарын түшүндүрүп берем,-десем эле трубканы басып ошол бойдон телефонун өчүрүп салды.

Бул жоругуна аябай ыза болгондуктан оюм бир жерге топтолбой эки күн өзүмө келе албай жүрдүм. Күйөөмдү эмнегедир кийинки келинчегинен кызганып, апамды болсо жек көрө баштадым. Бир күнү ашканада идиш жууп атсам эле төркү бөлмөдөн апам:

—Диля, бул жакка тез келсеӊ,-деп чакырып калды. Ал бөлмөгө киргенде эле апам үндөбөстөн колун жаӊсап телевизорду көрсөттү. Карасам күйөөм татынакай ырчы кызга гүл сунуп бетинен өөп жаткан экен. Апам үнү каргылданып:

—Бул биздин Нурсултан го, ыя? Эми тигиниси ким болду экен?-деди кыжырымды келтирип.

—Апа, билип туруп калп эле билмексен болбоӊузчу? Нурсултан экенин көрүп эле турбайсызбы. А тиги ырчы менен сиздин кандай ишиӊиз бар?  Балким өзү айткан ноокаттык сулуусу ушул болуп жүрбөсүн? Болоор иш болгон экен. Эмнеси болсо да эми бактылуу болсун. Ушунун баарын сиз кылдыӊыз!-дедим ыйламсырап.

—Эмне мени кекетесиӊ? Өлүӊө отурайын десе… Ал үйлөнсө да мен күнөөлүмүнбү?!-деди бет тырмарлык кылып.

А мен андан кийин апам менен бир топ убакыт акыйлаштым. Буга чейин эримден беш бетер кылган ишимдин баарына кийлигишкен апам эртеси күнү эле мага таарынып Ошко жөнөдү. Бир учурда тагдырымды талкалап мени бактысыз кылган апам менен бир айдан бери байланыша элекмин. Бул тууралуу курбуларыма айтсам алар кыйраткан деле кеӊеш бере алышкан жок.  “Көсөнүн акылы түштөн кийин кирет”  болуп азыркы кезде аябай өкүнүп турган учурум. Күйөөмдүн баркын эми билип жатам. Ал чындыгында бактылуу болгонго акылуу адам эле. Өзү да чыгармачыл чөйрөдөн болгондуктан акыры жүрүп өзүнүн теӊин тапкан экен. А мендей жан дүйнөнүн байлыгынан материалдык байлыкты жогору коюп, басса-турса жалаӊ гана акчаны ойлогон  “базарский бабанын” эми күйөөмө эч кереги жок болсо керек. Эч…

Chagylgan.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу