ТАГДЫР-«Күйөөмдү сүйбөйм, жигитим алып кетем дейт…» » Эмне кылсам?

— Жашым 21де, турмуш курганыма 3 жыл болду. Бир баланын энесимин. Кыз кезимде мени сүйгөн бир жигит бар эле. Экөөбүз кыз-жигит болуп бактылуу күндөрдү өткөргөнбүз. Тилекке каршы, ата- энем көңүлүм жок экенине карабай башка адамга турмушка беришкен. Жигитим классташым болгондуктан ал кезде экөөбүзтең 19 жашта болуп, ага үйлөнүүгө эрте эле. Турмушка чыгып, мойнунан байлаган иттей болуп жашап калдым. Күйөөм өтө жакшы адам, мени сүйөт. Баласына  жакшы ата, жакшы карайт. Бирок менин  көңүлүм жок, үч жыл бою жигитимди  ойлоп кыйналып жашап келдим. Күйөөм, канчалык сыйлап, жакшы мамиле кылса  да аны сүй албадым. Эми жигитим мени социалдык тармак аркылуу таап, экөөбүз жашыруун жазышып келебиз. Ал «үч жыл сен деп кыйналып жашадым, эми меники болосуң, ала качып болсо да алам» деп атат. Менин деле ага кетким келет. Бирок балам эмне болот? Жигитиме ишене берсем болобу? Үй-бүлөм менен калайын десем, өмүр бою сүйгөнүмө жетпей арманда калып, кыйналып жашаймынбы? Кандай чечим кабыл алсам туура болот? Кеңеш бериңиздерчи…

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу