Тагдыр: Кызымдын атасы ким?

Жүрөк сыры…
Чачтарын буурул аралаган Керим короодо күрсүнө ары-бери басып турду. Бүгүн кызы Ширинди күйөөгө узатып жаткан. Ал үйдөн чыкса эле боор эти үзүлчүдөй болуп турду. Керимди бир эле бул иш эмес, тээ тереңге катылган суроо кыйнап жатты. Ал Шириндин атасы ким экенин билбей, 20 жылдан бери ичинен эзилип, бушайман болуп келет.
– Куда кут болсун, дос!
Куттук сөзүн айтып, бүгүн үйгө биринчи болуп досу Алманбет келинчеги менен кирип келди. Конокторду утурлай баскан Айгүл таң атпай эле бырылдап ыйлап алыптыр. Жубайын зекигени менен, өзү деле буулугуп турду. Ананчы, жалгыз кызы турмушка чыгып, башка үйдүн босогосун аттаганы турса. Кирпик какпай таң атыргандыктан денеси салмактанып, башында бир гана суроо жаңырып жатты. “Ширинимдин атасы ким? Айгүл менин көзүмө чөп салганбы?” Түнү бою бул суроолор мээсин жеп чыкты. Аргасыздан өмүрүн астын-үстүн кылган окуя эсине түштү.

***
Мындан жыйырма беш жыл мурун болчу. Керим мектепти бүтүргөн соң аскерге кетти. Балким, бечара энесинин жүрөгү Керимди алдыда кандай сыноо күтүп турганын сездиби, айтор, ыйлап узатты.
Ошентип, ал Баку шаарындагы аскердик гарнизонго туш болду. Жашынан өжөр өскөн ал “дедовщинанын” азабын көп тартты. Дембилдерге каяша айтып, кыр көрсөтүп туруп алар эле. Алар мындай мамилеге чычалап, сабап эле жатып калышчу. Бир ирет мончодо суу сүлгү менен өлөрчө сабап, анан тышка күзөткө чыгарып салышты. Ысык мончодон соң кышкы суук сөөгүнө өтүп кеткен экен, Керим эртеси төшөгүнөн туралбай жатып калган. Андан аркысы эсинде жок.
– Нуралиев, Нуралиев, мени угуп жатасыңбы?
– Жакын арада эсине келчүдөй эмес. Ата-энесине телеграмма жөнөтүү керек.
“Телеграмма жөнөтүү керек” деген кепти укканда, эпке келбей жаткан эриндерин араң кыбыратып сүйлөп кирген.
– Доктур, мен жакшымын. Ата-энеме эч нерсе айтпагыла.
– Эсине келди!
Ошол замат ак халатчандар анын керебетинин жанына чогула калышты. Канчалык суракка алышпасын, Керим өзүн ким сабаганын айтпай койгон. Катуу суук тийген экен, бир ай госпиталда жатып, дарыланып чыкты. Чыгарда башкы врач анын илдети тууралуу баракчаны көпкө карап отуруп, кеп баштады.
– Нуралиев, эр жигиттин башына ар түрдүү сыноолор түшүп, жашоо да бүтүп калчудай туюлат Бирок андай эмес. Жигит өзүн акыл менен токтото билиши керек.
– Муну менен эмне айтмакчысыз?
– Сенин урук бездериңе катуу суук тийген экен. Жыныстык шал оорусуна туш болбойсуң го, бирок балалуу боло албайсың…
“Балалуу болбойсуң…” Бул сөздөр менен кошо башына таш тийгендей болду. Дили ооруп, аалам караңгы болуп баратты.

***
Армиядан соң Керим Фрунзеге келип окууга тапшырды. Бир күнү көчөдө баратса, артынан кыйкырык чыгып калды.
– Жардам! Сумкамды жулуп кетишти!
Жанынан дабырап чуркап өтө берген өспүрүм баланы билектен кармай калды. Бул балакай татынакай кыздын сумкасын жулуп качып бараткан экен. Кайрылып кызды карагыча колунан жулунуп чыгып кетти. Энтиге жанына жетип келген кыз жини келип, Керимди урушуп кирди.
– Эмне коё бересиз?! Кармай турбайт белеңиз. Мен милиция чакырмакмын.
– Чоң кыз, алгач рахмат айтпайсызбы?
– Рахмат!
Кыз Керимдин колунан сумкасын жулуп алды да, тултуңдаган боюнча жөнөп кетти. Керим анын алдын торой унчукту.
– Атыңызды айтпасаңыз, сумкаңызды эми мен жулуп кетем.
– Рахмат дедим го. Сизге дагы эмне керек?! Ансыз деле тигини кубалайм деп сабактан кечиктим.
– Атыңыз…
– Айгүл.
Экөө ошентип таанышкан. Алгач Айгүлдү Керим карындашындай көрүп, жылуу мамиле кылчу. Айгүл болсо бушайман болуп, өзүнүн секелек кыз эмес, бой жеткен айым экенин далилдегиси келчү. Биротоло түңүлгөн соң ал Керимдин досу Алманбетке ачык эле көз сүзө баштады. Аны сүйүп, бирок аскерден алган жаратын ойлоп ичинен эзилип жүргөн Керим үчүн бул абдан оор сокку болду. Акыры чыдамы чегине жеткен күнү Айгүлдү дегдеңдете ЗАГСка жетелеп кетти. Жинденген түр көрсөткөнү менен, Айгүлгө Керимдин бул жоругу жагып, макул болуп жашап кала берди. Бирок беш жыл бою балалуу болушкан жок. Достору “окууну бүткүчө коё туралы деп чечтиңерби? Туура кыласыңар” деп калышар эле. Андайда Керим ичинен оор онтоп, Айгүл болсо өзүн күнөөлүү сезе башты жерге салып калчу. Жүрүп отуруп Союз тарап, айлакер-шылуундардын күнү тууган заман келди. Керим теңтуштарынан мурун соода баштап, бутуна туруп кетти. Ошентип акча табуу менен алаксып жүргөн маалда күтүлбөгөн жаңылык укту. Бир кечте эркелей жанында жаткан Айгүл шыбырап калды.
– Сага жакшы жаңылыгым бар.
– Ым-мм, кандай жаңылык?
– Со-онун.
– Айта гой, ичти бышырбай.
– Сүйүнчүсүнө эмне бересиң?
– Алтын шакек, бол эми айтпайсыңбы?
– Бии-из, жакында-аа…
– Ии?
– Балалуу болобуз.
– Эмне?..
– Жакында ата болосуң дейм…
“Кандайча? Кантип? Менби?” заматта бул суроолор анын мээсин тепчип өткөнсүдү.
“Канча жыл өттү. Балким, ден соолугум калыбына келгендир” деп үмүт этип эртеси текшерилгени бейтапканага барды. Бирок жылуу үмүтү таш капты. Текшерүүнүн жыйынтыгы өзгөрбөптүр. Эмне ойлоп, эмне иш кыларын билбей, ал күнү кечке каңгып басып жүрдү. Жини менен барып башын аттаган Айгүлдү бырча-бырча тилип таштагысы келет. Бирок жети жылдан бери бала дегенде ак эткенден так этип келе жатканын ойлосо, шаабайы сууй түшөт. “Мен жөнүндө арам ойлоого кантип дитиң барды?! Бул сенин балаң” дечү болсо кантет? “Мен балалуу болбосумду билем” деп кантип айтат? Күнү-түнү иштеп, жүрөгүн өрттөгөн ызаны, кызганычты басканга аракет кылып жатты. Көзүн жумса эле башка бирөөнүн кучагында балыктай туйлап жаткан Айгүл көз алдына тартылып, чок баскандай ыргып кетет. Ал өзүнүн кызганычы менен алышып бүткүчө Айгүлдүн айы-күнү жетип, кыз төрөдү. “Жаратканга ыраазы болушум керек. Ушундай буйрук кылган соң баланы жээрип кесир кылбай, шүгүр дейин” деп өзүн кармап, кызына Ширин деп ат койду. Бала деген кандай керемет жан. Энесинин эмчегин магдырай ээмп жаткан кызыл эт баланы карап отуруп, өзөгүн өрттөгөн кызганычы да саамга унутула калат. Бара-бара Ширин Керимди өзүнө жипсиз байлады да койду. Бирок баягы суроого ошол күндөн ушул күнгө чейин жооп таппай келет. Мына азыр шатырата кол чапкан коноктордун коштоосунда тамада Керимди ортого чакырды. Азыр ал кызына бакыт тилеп, ак батасын бериши керек. “Кызык, атасы ушул коноктордун арасында отурабы? Мени балалуу кылып бакытка балкыткан, өмүр бою азабым да болгон адам ким?” Ичинен ушуларды ойлой жубайынын жүзүнө баам салды. Ал дирилдей көзүнө жаш алып турган эле. “Мейли, абийириңе койдум, Айгүл. Жакшысы, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деп жатты дилинде.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу