Тагдыр: ЖАНЫМ «ВЫЗЫВАЕТ…»

Чогулушта отурган Эрмектин телефону чырылдап, экранда «Жаным вызывает…» деген жазуу күйүп-жанып жатты. Эрмектин жүзүн жылмаюу каптап, кесиптештеринен кечирим сурады да эшикке жөнөдү. – Алло, Эрмек Бакытович угуп жатат.
– Берекем десе, эртең Жаңы жыл да, үйгө келесиңби?
– Жаным чакырып жатса кантип барбай коёюн. Сөзсүз барам. Байкем келе алат бекен?
– Жумушунан бошобой калыптыр. Анын үстүнө Жаңы жылга жакын Канададан учак келбейт экен дейт го.
– Болуптур, анда экөөбүз эле майрамдап коёбуз. Столдо шампан турса, анан мен атайын шамдарды ала барам, романтикалуу кеч болот. Мен сага сүйүүмдү билдирем…
Кабинеттен чыгып келе жаткан Тунук Эрмектин сөзүнүн аягын угуп кашы серпиле түштү. «Сүйүүмдү билдирем» деп, шүмшүк десе, кечээ эле мага сүйүүсүн билдирип жатпады беле?! Мен да буга ишенип коём!» жигиттин жанына жеткенде сөзүңдү уктум дегенсип жерди оё-оё такылдата басып башка кабинетке кирип кетти. Жигит аны байкаган да жок, телефонду коюп, башчысына кирди:
– Алина Бектемировна, сизден суранайын дегем. Эртең айылга кетейин деп жаттым эле. Мүмкүн болсо жумуштан уруксат берсеңиз…
Бирок жумуштун көптүгүн айткан башчысы уруксат берген жок. Эрмектин кабагы бүркөө чыкты, апасына эмне дейт эми, барам деп койбоду беле. Астынан чыккан Тунукту да байкабай өтүп кетерде ызаланган кыз жеңинен тартып токтотту:
– Эрмек, мага эч нерсе түшүндүргүң келбей элеби?!
– Ой, алтыным, кечир, ойлонуп кетип байкабай калыптырмын сени. Жүрү, түшкү тамактанууга барып келели.
– Алтыным де?! Азыр эле бирөөнү сүйгөнүм деп, мындай бурулуп мени алтыным деп…
Жигит делдейе эч нерсени түшүнбөй туруп калды. Бир маалда эсине келгендей каткыра кызды колтуктап, ой-боюна койбой ээрчитип алып чыгып кетти. Кафеге кирип жай алган соң Эрмек Тунуктун колун кармап, көздөрүнө тигилди. Жигиттин көздөрү ушунчалык мээримдүү эле, ушул каректер көп жигитти чанган сулууну арбап алган. Азыр да жигитти тиктеп туруп ачуусу майтарылып, махабатка мас боло түштү.
– Менин Тунугум, алтыным, бото көзүм, кызганчаагым, таарынчаагым, коёнегим, мышыгым, мамалагым…
Кыз чыдабай каткырып жиберди. Эрмек жылмая сөзүн улады:
– Сен менин телефондон сүйлөшкөнүмдү угуп чаң салып жатасың да, туурабы? Чын эле уктуң, менин сүйгөнүм бар. Мен ал адамды баарынан артык көрөм, ага жанымды берүүгө даярмын…
Жигит сөзүн уланткан сайын кыздын сулуу жүзүнөн ылдый жаштар кулап жатты. Эрмек кызды токтоткон жок, соороткон да жок, бир калыпта сөзүн уланта берди:
– Билесиңби, мен бир жашка чыкканда, байкем үч жашында экөөбүздү апам балдар үйүнө таштап кетиптир. Эне мээримине зар болуп чоңойдум деп айтпайм, эне мээрими кандай болорун билсем ошентип айтсам керек. Жөн гана көп баланын бири болуп күндөр өтө берди. Бир билгеним, ал жакта баары ченелүү болот, убагы менен тамак ичесиң, ойнойсуң, сүйлөйсүң, ашыкча күлсөң да тыюу салынат.
Бир жолу тарбиячыбыз Майрам апа алакандай кагазды көрсөтүп, «силердин апаңар ушул катты таштап кеткен» деди. Катта бизден кечирим сурап, 2-3 айдан кийин, Жаңы жыл күнү келип алып кетерин жазган экен. Андан бери канча Жаңы жыл өттү, апам кайтып келген жок. Бирок мендеги үмүт өчкөн эмес, декабрды чыдамсыздык менен күтчүмүн.
Ошол жылы да кыш, декабрь айы болчу. Майрам апа экөөбүздү чакырды, барсак бөлмөдө бир киши менен аял отурган экен. Тарбиячыбыз «Керимбек, Эрмек, бул кишилер силер менен таанышканы келишиптир»,- деди. Экөөбүз тең алайып эле карап туруп калдык. Киши сүрдүү көрүндү, бирок жылмайып турат экен. Аял болсо сулуу болчу, негедир көздөрүндө жаш… Киши ортодогу тынчтыкты бузду:
– Балдар, келгиле таанышып алалы? Менин атым Бакыт. А бул менин келинчегим Айзада…
– Керимбек! – үнүн бийик чыгарган байкем биринчи кол берди. Мен болсо аялды карап тура бердим. Ал да мени тиктеп алып ыйлап жатты. Бул эмнеге ыйлайт?.. Тиги киши урушуп койгонбу же?.. Бир маалда эсиме келе:
– Сен менин апамсыңбы?
– Ме-н… М..ен…- аял токтоно албай ыйлап жиберди.
– Апамсыңда сен, ээ? Сен Жаңы жылда келем дебедиң беле, Жаңы жыл жакындап калбадыбы? Сен келдиң да, ээ?
– Балам, мен кечигип калбадымбы, мени кечирчи? Мен келдим, силерге келбедимби, алтындарым…
Керимбек байкем эмнени ойлоп ыйлады билбейм, мен кубанганымдан, Жаңы жылды бекер күтпөгөнүмдү элестетип алып ыйладым. Кийин билдим, Айзада менен Бакыт өз ата-энем эмес экен, бизди багып алганы келишиптир. Өкүнүчтүүсү, атам жүрөк оорусунан улам бизди эрте эле таштап кеткен. Керимбек байкеме башкача жакын эле, ал үйлөнгөндө кубанып ыйлаганы эсимде. А мен апама жакынмын, ишенсең, өзүмдүн чоңойгонумду жакшы биле элекмин, өтө эркелетип койгон да. Апам менин жаным, ичер суум, бар байлыгым! Апамды сүйгөнүм дегенге толук акым бар! Апамды жаным дегенге толук акым бар! Мен анын номерин да «Жаным» деп сактап алгам, апама болгон сүйүүмдү өмүр бою далилдеп өтсөм дейм, жакшы көрөрүмдү ар бир сүйлөшкөн сайын айтып эскертип турсам дейм. Менин апама кайтарган жакшылыгым ушул эле болсо керек…
– Жинди десе! Башында эле айтпайт белең, апам деп. Мен түшүнбөй эле…
Кыз күлкү аралаш ыйлап жатты. Жигити туруп барып кызды бооруна кысты.
– Ий, жумуштан жибербесе эми эмне кыласың?! Апаң күтөт да…
– Апам күтөт, апам мени дайыма күтөт. Жумуш, көр тирилик табылат. Кандай маселе болбосун чечилет. Апа деген табылбайт. Эч нерсени карабай апама кетем, экөөбүздү табыштырган Жаңы жыл да таарынып калат антпесе…

Булак: Интернет

Аргумент.kg
Жооп калтыруу