ТАГДЫР: ДЕПУТАТ ЖАН ДҮЙНӨМДҮ ТОӉДУРУП КЕТТИ

«Ал күндөр шаӊ эле, шаӊ эле, шаӊ эле. Агарган таӊ эле, таӊ эле, таӊ эле…» Бул ыр азыркы депутат экөө­бүздүн сүйгөн ырыбыз эле. Ал гитара чертип, көзүн жу­муп алып ырдаганда, коё бергим келбей, моюну­нан кыса-кыса кучактап алчумун. Анда биздин партия шайлоого аттанган. Аттанганда да башкача дымак менен кадам таштады. Жадакалса элде да эӊ көп добуш алып, алдыга суурулуп чыгат деген ишеним күч болчу. Элдин көз карашын, бизге ишенимин байкаган партиянын жетекчилиги, андан өтүп биз укмуш катуу иштедик.

– Айка, кандай дейсиӊ, бүгүн кечки тамакка чогуу барбайлыбы?- деп Бактияр деген кесиптешим бир убакта жаныма келип калыптыр.

– Жок, бара албайм, байкемдин баласын бала бакчадан алышым керек дедим да, шарт бурулуп кеттим. Бактиярды түрдүү идеялар­ды жараткан, фантазиясы күч­түү деп айтууга болбойт. Бирок бе­рилген тапшырманы аӊтар-теӊтер кылып, эч нерсеге карабай аткарган кашкөй эле. Ал үчүн жетекчиликтен жол көр­сөтүлгөнү жетиштүү. Кыскасын айтканда, партиянын ишенген жаштарынын бири. Ошентсе да ага эркек катары көӊүл деле бурбаптырмын. Акыркы күндөрү менден көзүн албай далымды тешип жиберчүдөй карап жатканы кыжырымды келтирди.

– Бактияр байке, эмнеге эле мени кечке карап жатасыз, башка кылчу ишиӊиз жокпу?

– Бар, жумуш бүткөн соӊ сени үйүӊө узатам.

– Убара болбоӊуз, мени жигитим жеткирет.

– А мен убара деле болбойм, сага кошуна жашайм. Мына ушундай сүйлөшүүдөн кийин жумуштан чыгып чын эле мени ээрчип алды. Машинасы деле бар, бирок ага түшкөн жок. Көӊүл кош ар кайсыны сүйлөшүп бара жаттык. Коштошуп үйгө кирдим. Чынын айтсам, ал жөнүндө бир да жолу ойлонгон жокмун. Кызыктын баары эртеси эртеӊ менен башталды. Шаша-буша жумушка бара жатсам подъездде Бактияр турат. Чочуп кеттим.

– Эмне болду сизге, ушул жерге түнөдүӊүзбү?

– Ооба, сен үчүн баарына даярмын деп айттым го.

– Коюӊузчу тамашаӊызды, калп эле э, менин кошунам сиздин таанышыӊыз го дейм.

– Капырай, кандай ишенбеген немесиӊ, ишенбесеӊ баарынын эшигин такылдатып сурап чык, бул үйдө сенден башка таанышым жок.

Жүзүнө карасам чын эле подъездде түнөгөндөй, чачы уйпаланган, кийимдери бырыш. Ошол күнү Бактияр кечке чарчап, уйкусу келип жаман болуп жүрдү. Ушул кылык-жо­ругу менин жү­рө­гүм­дү туйлатып кой­ду. Мен болсо аны улам карап «ий, байкуш, чын эле сүйүп калган го» деп ар бир кыймылын көзүмдүн карегинен өткөрө баштадым. Ат тезегин кургатпай гүлүн, белек-бечкегин кө­­төрүп үйгө келет. Подъездимде бир эмес, эки түнөдү. Кыздар жигиттердин мындай кылык-жоругуна туруштук бере албайт экенбиз. Арбалдым да калдым, көргөндө эмес, атын эстегенде да бир башкача сезим жан дүйнөмдү аралап кетет. Ортобузда жакын мамиле болбогону менен бара-бара мен аны дүйнөдөгү эӊ жакын адамымдай көрүп калдым. Сүйүү деген ушундай ыйык сезим экен. Оюмду да, боюмду да бийлеп алды. Мен эркектердин ырайымсыз таш боор, ашынган алдамчы болорун өз көзүм менен көрүп, жүрөгүм менен өткөрдүм. Сө­зүмдү меникиндей тагдыр башына келгендер гана түшүнүшү мүмкүн. Бактияр экөөбүздүн сүйүүбүз асман тиреген чокуларда сабалап турду да, бир заматта талп этип жерге кулады. Кандайча дейсизби, мына мындайча. Көптөн күткөн шайлоо да өттү. Партиябыз баарыбыз күткөндөй көп мандат алган жок, бирок менин жигитим депутат болду. Сүйүнгөнүмдү айт­паӊыз. Асманда эле учуп калдым. Ал экөө­бүз эми бая­гыдай бир имаратта иштебейбиз, Бактияр депутат да, Ак үйдө отурат. Бир жолукканыбызда анын мага мамилеси бир аз салкындагансып калыптыр. «Жаӊы кызматы түйшөлтүп жатат го, кантип эле депутат болору менен сүйүүсү өчүп калсын?» деп ойлоном. Кайра «ушундай ой кантип келди, уялбайсыӊбы?!» деп өзүм өзүмдү жемелеп коём. Анан мага берген кучак-кучак гүлдөрүн, темирди да эритчү ысык сөздөрүн, подъездимди жатак кылган түндөрүн эстеп кыялга батам. Депутат болгонуна 3-4 ай гана болсо керек. Эртеӊ менен жумушка барсам, элдин баары мени аягандай карай беришти. Аны деле элес алган жокмун. Бир убакта кесиптешим телефондон:

– Бактияр, куш боо бек болсун! Той качан? Баарыбызды тойго чакырганды унутпа,- деп калды. Аӊгыча менин маӊ­да­йымда отурган кыз «салам айтып кой» деп кыйкырды. Көз алдымда түзүлгөн картина кадимки менин Бактиярыма байланыштуу болуп жаткандай сезилди. Бирок элестете албадым, балким башкадыр дедим. Дароо көчөгө чуркап чыктым. Эшиктин алдында биздин партияда иштеп жүргөн байке чылым чегип турган экен. – Байке, Бактияр үйлөндүбү?- деп сурай салдым.

– Ооба, мен экөөӊдү үйлөн­гөн экен десе, чунак кыз, сен бул жерде белеӊ?- деп таӊ калып мени карады.

Дароо терс бурулдум да, чуркап жөнөдүм. Кай жакка, эмне максатта чуркап бара жатканымды көзөмөл кылганга шайым келбеди. Көзүмө көчөдөгү адамдардын баары жексур, ырайы суук, алдамчы көрүндү. Менин азыркы абалыма Бактияр гана эмес, бүт адамдар күнөөлүүдөй туюлду. Оозума бир гана «жок, андай эмес» деген гана сөз келди. Ушул эки сөздү жадыбалдай айта бердим. Бирөө жарымдын мени көрүшүн, мен бирөөнү көрүүнү да каалаган жокмун. Ошентип оозума наар албай батиримде соолуп жаттым. Сүйүү, депрессия дегенди ошондо түшүндүм. Оюма бир гана өлүм келип туруп алды. «Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт» дегендей, өлүп калсам менин бул кебетемди эч ким көрбөсүн деп ойлодум. Бир айдан кийин курбум мени издеп үйгө келди. Болуп өткөн окуяны жумушума издеп барып угуптур. Депутатка телефон чалса, ал «кечирип койгула, ушундай болуп калды» дегенден башкага жарабаптыр. Мага чалып да койгон жок. Бир ай төшөктөн турбай жатканым, суудан башка наар албаганым мени ого бетер алсыздантты. Курбумдун жасап берген ысык тамагы мага кадимкидей дем берди. Өлүп калам го деген оюм ишке деле ашкан жок. Көрсө, убакыт баарын дарылайт экен. Курбумдан башка эч ким менен сүйлөшкөн жокмун, күндөрдүн түнгө алмашышы менен акырындан өзүмө келе баштадым. Аман болсун депутат дегенден башка эч нерсе дей албадым. Адамдын көӊүлү менен ойноп, жан дүйнөсүн тоӊдуруп кете бериш ал үчүн кумурска өлтүргөндөн да оӊой экенин тү­шүнгөндө эркектердин баарынан коркуп кетем. Азыр ал депутаттын эки баласы бар. Теледен үнүн укканда дароо өчүрүп салам. Турмушумда ушул депутаттай эч кимди жек көргөн эмесмин.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу