Тагдыр: БАЛА ТАПКАНДЫКЫБЫ ЖЕ БАККАНДЫКЫБЫ?

Тагдыр каарын салса жашоодогу «мен» деген адамдарды да ыйлатат эмеспи. Менин да жаратканым берген сыноосунан көзүмдүн жашы кургабай келет. Ичимдеги эч ким билбес сырымды өзүм менен көргө ала кетсем экен дегем. Бирок, элге жар салып, айлам куруп турган күн болот деп эч ойлогон эмесмин. Канткен менен окурмандар менен сырымды бөлүшүп бир аз да болсо жеңилдеп алгым келди.

Эмне үчүн уул эмес, кыз

Жолдошум менен бирге түтүн булатканыма 25 жылдын жүзү болду. Экөөбүздүн жаштык совет дооруна туш келип, жакшы күндөрдө табышканбыз. Кийин эки жактын макулдугу менен ак бата алып баш коштук. Жолдошум менин, мен анын бактысына жаралгандай элек. Жаштыктын толуп турган сезимге бай доорунда  кудайдын буйругу менен удаа үч кыздуу болдук. Убакыт көз ирмемдей өтүп үч балага эне болуп калганым мага сыйкыр дүйнөгө түшүп калгандай сезим калтырчу эле. Ошондой маалда жолдошум эми уулдуу болгусу келерин көп айта баштады.

Баары бар, бага албай калам дегидей бир шылтоо жок, анын үстүнө жаштыгымды коротпоюн деп дагы балалуу болууга даярданып калдым. Эч кимге айтпаганыбыз менен экөөбүз тең эркек бала болушун абдан каалап жүрдүк. Ал турсун, күйөөм менин эркек төрөрүмө абдан эле ишенип алды. Ай-күнүм келип калганда доктурга өзү алып барып, көзүм менен тең айланып, жакшы кабарды эрте угууга ашыгып турду. Тилекке каршы, биз эркек деп күткөн наристе кыз экен. Буга чейинки үч кызымды тең укканда сүйүнүп кирип келген күйөөм бул жолу палатага баш бакпай койду. Башка чапкан немедей жаман абалда калдым. Ошол эле убакта өзүм да кызымды жерип алгачкы күндөрү тойгуза албай койдум. Төрөтканадан үйгө чыгып келдим, бирок, биздин ысык мамилеге салкындык кошула баштады…

Жашоо токтобойт да, дагы да болсо жакшы тилек менен уулдуу болууну үмүт кылып жүрдүк. Мен бешинчи жолу төрөт үйүнө баш багып бешинчи кызымды аман-эсен жарык жашоого алып келдим. Төрөттүн азабын, анын оорчулугун ар бир эне болгон аял жакшы түшүнөт эмеспи. Кенже кызымды төрөгөндөн кийин ден соолугум кескин начарлап, мурунку шайдооттугум жоголуп, кыймылым оорлошуп калды. Беш баланын түйшүгү, карылыкка моюн сунуп бараткан кайненем менен кайнатамды кароо мени бир топ жүдөттү. Ден соолугума деле анча карай албай жүрдүм. Эмнегедир заматта толуп кеттим. Заман болсо Орусияга агылган нукка түшүп кетти.

Чоң бүлөнүн ичкен-жегени да чоң эмеспи. Андан улам күйөөм Орусияга иш издеп жөнөдү. Ал жактагы тааныш-билиштердин колдоосу менен бат эле иш таап, бизге тынымсыз акча жөнөтүп бир топ тыңып калдык. Бирок биздин мындай жашоо бир эле жылга созулду. Андан кийин күйөөмдүн иши жакшы жүрүшпөй, салган акчасы мурункудан азайгандан азайып, бизге абал сурап чалуусу да солгундап кетти. Биздин план боюнча, күйөөм бир жарым жыл ичинде келиши керек эле. Бирок ал убакыт келсе да анын келейин деген түрү билинбейт. Кыздарым атасына куса болуп жол карагандары жанымды кыйнайт. Алар тууралуу кеп козгоп сагынычыбызды айтканым аны бизге шаштырбай эле ачуулантчу болду. Ушундай күндөрдө күйөөм тууралуу күбүр-шыбыр кептерди кулагым чала баштады. Коңшу айылдык келин менен жашап алганын мени аяган да, мазактаган да түр менен айткандар болуп жатты. Бирок мен алардын бирине да ишенгим келбей күйөөмдү күттүм.

Жолдошумдун көңүлдөшүнүн баласын өз баламдай асырап алдым

Кеткенине туура эки жыл толгон маалда күйөөм келди. Бизге алтын-күмүш артынып келбесе да аман-эсен келгенине жетине албай калдык. Канынан жаралган данеги да, кыздарын абдан сагыныптыр. Күйөөмдүн келиши менен күбүр-шыбыр кептер да басылып калды. Бирок анын көзүмө тике карабай, эмнегедир менден жалтактаганы ага карата айтылган ушак-айың сөздөрдүн чындыгын бышыктап жаткансыды. Өзүнөн биринчи кеп чыкпагандан кийин деп унчуккан да жокмун. Арадан жарым жылдан ашык убакыт өтүп баары унутулуп, кадимки карапайым жашообуз уланып атты. Ошондой күндөрдө күйөөмдүн куру шылтоолор менен борборго каттаганы көбөйүп кетти. Ар жумуштун башын айтып иш бүтүргөн болуп жүрүп бир ирет үйгө келбей калды.

Кеткенине жума чамаласа да кабарын билдирбеген күйөөмө санаам тынбайт. Ошол күнү кечте баарын уктатып коюп эмнегедир уйкум качып чабалактап жаттым. Түн бир оокумда эшик кагылды. Күйөөм экен. Колунда кызыл эт бала. Оозумдан кебим качып нес болуп туруп калдым. Унчукпай үйгө кирип тунжурап отурдук. Ымыркай эч нерседен бейкапар уктап жатат. Бир маалда күйөөм: “Меники… Эркек бала”, – деди күнөөлүү да, сыймыктуу да. Аял байкушка Кудай туюм менен мээримди берген тура. Босогодон эле баарын айттырбай түшүнгөм. Көз ирмемде ымыркайга мээримим түшүп ичимден: “Бакса багып алам”, – дегем. Ал Орусияда кандай иштеп келгенин, айылдагы айың кептердин чындыгы ушул экенин эми толук түшүндүм.

Кечирип кой, ушундай болуп калды

Күйөөм акырын шыбырап кеп баштап: “Кечирип кой, Орусияда иштеп жүрүп ушундай болуп калды. Аны менен бир батирде жашап анан табышып калдык. Мынчалык болуп кетет деп ойлогон эмес элем. Анан ал кош бойлуу болуп калганда мен баса бергем. Качып кутула албадым бирок. Бала меники экенин танбайм. “Багып алсаң сенин да, менин да жашоом тынч болот”,-деп жатат. Багып алалы”,-деди. Жети түндө чыр салуунун зарылчылыгы жок эле.

Макул болдум. Баланы багып алуудан да элге кантип айтуу башыбызды катырды. Таң атканча ортодогу наристени тиктеп отуруп акыры айласын таптык. Мен абдан толуп кеткенимди жогоруда айтпадымбы, оорунун азабынан табылган бул көйгөй ушул жерден керекке жарамак болду. Элге: “Кош бойлуу болчумун, эч кимге айткан эмесмин. Мына эми биз уулдуу болдук”, – дей турган болдум. Күйөөм тапкан акылыма кандай алкышын айтарын билбей кубанды. Уулубузга азан чакырып ат коюп, ата-бабанын жолун кылып жентек бузуп, кыркын чыгарып кадимкидей бактыбыз толуп жашап калдык. Жогорку окуу жайга тапшырып кетишкен кыздарыбызга да бөбөктүү болгондорун сүйүнчүлөдүк. Күйөөмдөн баланы эч ким талашпай турганын аныктаган соң кыздарыбыздыкына окшош кылып каттатып алдык.

Бала кандай бакыт, үйүбүз толуп, баарыбыздын маанайыбыз жаркып калды. Уулума жан дилимден мээримимди төгүп, керек болсо кыздарымдан коруп торолттум. Келбети болсо тим эле атасына куюп койгондой. Уулумдун атасына окшош экенин көрүп өзүмчө ичим элжирейт. Күйөөмдүн ала жипти аттаганы үчүн жеримек турсун, ушундай балалуу кылганы үчүн ичимден кубанып Кудайга шүгүр деп жашадым. Уулум табылган бактылуу күндөн бери беш кызым бир тең, уулум бир тең болду. Балабыз эки жашка толуп калган кезде күйөөм жумушсуздуктун айынан шаарга бармак болду. Эки жыл жанымдан чыкпай балабыздын ысык-суугун бирге тартышып ишеничиме кирген күйөөм эми мени алдабастыр деген ойдо каршы болгон жокмун. Шаардан курулуштан иш таап бизге акча жөнөтүп, бошой калса келип-кетип жүрдү. Минтип жашоого биз деле көнүп калдык. Уулу төрткө толгондо белек-бечкектерин көтөрүнүп келип кеткен күйөөм үч ай үйгө келбей калды. Жумуштун көптүгүн айтат.

Ошол маалда кайрадан шыбыр кептер башталды. Баягы коңшу айылдагы келин менен табышып алганын уктум. Айыл жеринде кеп желдей тез тарайт эмеспи. Баягы келиндин Орусияда жүрүмүш болуп борборго келип төрөп, баланы күйөөмдөн бердирип жиберип кайын журтуна барган соң абийири ачылып ажырашып кеткенин жакшы билчүмүн. Анын күйөөсү азыр очор-бачар бүлөнүн ээси экенинен да кабарым бар. Абийирсиз келин болсо шаарда иштеп жүрүп күйөөм менен табышып алыптыр.

Балам этегиме жармашып ыйлаганын эстесем жүрөгүм тилинет

Анын баарына кол шилтеп, болгон азап, арманды уулумдун кылыгы, күлкүсү менен жууп жашай бердим. Ушинтип жүрөгүм ооруганын жан адамга туйгузбай жүргөн бир күнү күйөөм баланы алып кетүүгө келгенин, ага уул төрөп берген аял менен жашоону чечкенин айтып келип калыптыр. Канча жылдан берки көтөрүп жүргөндөрүмдү ушул жерден төктүм. “Кызыл эт кезинде бетин ачпай берип салып, эми талашып жаткан абийирсиз аялың менен жогол!”, – деп кууп чыктым.

Бассам-турсам баламды сак-сактап андан айрылып калуудан коркуп жашап жаткан күнүмдө күйөөм тиги аялы менен келип “баланы алып кетебиз” деп талашты. Балам алардан чочуркап этегиме жармашып ыйлаганын эстесем жүрөгүм тилинет. Биздин үйдөн чыккан ызы-чуудан улам топтолгон коңшу-колоңдор болгон чындыкты угуп нес болушту. Менин таламымды талашкан эл алдында бети күйгөн күйөөм унчукпай кетип калган. Бирок азыр бири коюп, экинчиси телефон чалып баланы акыры ала тургандарын айтып жүрөгүмдүн үшүн алып келишет.

Окуянын чындыгын, менин төрөбөгөнүмдү, атасынын акмакчылыгын уккан улуу кызым болсо эч кимибиз менен сүйлөшпөй өзүнчө азапка салып жатат. А менин азыркы бир гана ойлогонум – уулум. Күйөөмдүн ал аялдын этегин кармап эми бизге кайрылгыс болуп кетишине деле кайылмын. Бирок эч качан баламды алып кетишине макул эмесмин. Мыйзамга келгенде, жашы жете элек баланы өз ата-энесине алып берип коюулары толук мүмкүн экен. Анда менин күнүм эмне болот?.. Келечекке карай болгон максат-тилектерим бир гана уулума байланып калган. Кыздарым өз ордуларын таап кетишсе менин каранар-карманарым ушул уулум болот деп жашап келгем. Эгер андан ажырасам, кантип күн кечирем?.. Канткенде балапанымды жанымда алып калам?..

Аргумент.kg
Жооп калтыруу