ТАГДЫР-Аялымды уул төрөбөгөнү үчүн жек көрдүм.

Ал убакта мен жашмын турмуштун ачуу таттуусун көрө элек бир бактылуу адам элем. Бойго жеттим, үйлөндүм, кыздуу болдум. Бактылуу жашап жүрдүк. Арадан жылдар өттү, баары өзгөрүлдү аялым мага дагы экинчи кызды төрөп берди. “Мен эмнеге эркек балалуу болбойм? Эмнеге мага эркек төрөп бербейсиң?” деп аялымды ызылдатчу болдум. Күндөн күнгө ичимдикке берилип, жеңил жашоого жакындай баштадым. Күн өттү, ай өттү, мезгил алмашты, аялымдын кайрадан боюнда болду. “Ушул наристебиз эркек болот, айтып коеюн уул болсун деп аялымдын мээсин ар бир саатта чарчата турган болдум. Ошентип жубайымдын ай-күнү жетип, толгоосу башталды. Ооруканага жеткирдим. 3 сааттан кийин врачтар мага “Сүйүнчү, кыздуу болдуңуз” деди. Унчукпастан үйгө кетип калдым. Аялымды үйгө чыгарып келгенге да барбай койдум. Ичимдикке баягыдан да жакындадым. Мага арактан башка эч нерсе жакын сезилбеди. Бир күнү үйгө жиним менен мас болуп келдим. Аялымды карасам короодо кийимдерди жууп аткан экен. Үйдө эч нерседен бейкапар уктап жаткан кичинекей наристени колума алдым дагы аялыма көргөзбөй чоң жолду көздөй жөнөдүм. Өз уканымдан жаралган ымыркайды машиналар өтө турган жолдун ортосуна таштап салдым да, өзүм үйгө келип эч нерсе болбогондой жатып алдым. Аялым үйгө кирип эле кыйкырып ыйлап, көчөнү көздөй жөнөдү. Жолдун так ортосунда жаткан кызыбызды көрүп эс учун жоготуп кулап түшүптүр, аны кийин уктум. Ошол учурда кошуна бала жол жээктеп келе жатып менин кызымды жолдо жатканын көрүп, беттин ачып караса менин кызым экенин тааныптыр. “Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт” демекчи, кызымдын өмүрү бар экен, жашап кетти. Катуу коркуп калгангабы аялым ошол күндөн тарта оорулуу болуп калды. Турмуштун азабы ошондо башталды. Айрым учурда аялым өзүн жоготуп койчу болду, кээде өзүн билбей туш келди ургулап жиндеп кетсе, кээде өзүнөн өзү буулугуп ыйлап калат. Анын жакшы болуп кетишине көзүм жетпеген соң, 3 кызымды интернатка бердим. Аларды кароого чамам жок эле. “Эх жашоо, мен деги эмнелерди кылып койдум?” деп өзүм жалгыз отуруп алып ыйлачу болдум. Аялымдын убалына калдым. Кыздарым каникул болуп үйгө келгенде энесин көрүп алышып ыйлап, сыздашат. Ушунун баарына мен күнөөлүүмүн. Кыздарымды энесинен тирүүлөй ажыраттым. Аялымдын бактысын мен талкаладым. “Мен деги ким болдум?! Таш боормун!” деп азыр ар бир секунд сайын өзүмдү өзүм жемелеп, жинди болуп кетчүдөймүн. Кеңеш бериңиздер, канткенде күнөөмдөн арылам?..

Абдыке Ысманович

БУЛАК:gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу