ТАГДЫР-Асел: «Кайинсиңдим мага эрегишип, мен төрөсөм ал да төрөйм деп…»

Жигитим экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрө баштагандан эле өзүнүн жалгыз карындашы бар экенин айткан. Жигитим: -Менин жалгыз карындашым бар. Үйдүн эркеси. Жашы сени менен жашташ. Эки-үч жаш айырма анчалык деле билинбейт,-деп сыртынан тааныштырган. Мен кубандым. Жакшы болот. Анын үстүнө экөөбүз теңтуш да экенбиз. Бир күнү тааныштырды. Карындашы: -Саламатсызбы? Менин атым Каным. -Абдан жакшы. Менин атым Жайнагүл. Каным экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. Күндөрдүн биринде ал: -Азыр агам экөөңөр баш кошо элексиңер, жакшы. Агам үйлөнгөндөн кийин кандай болор экен? -Кандайча? Ал эмне дегениң? Кийин мындан да жакын болобуз. -Жок. Мен ага ишенбейм. Себеби силер баш кошсоңор мен сага кайынсиңди болом. Сен мага жеңе болосуң. Кайынсиңди менен жеңе качан эле жакшы болчу эле. Экөөнү  ит, мышык деп коёт го. Ошол кезде мен анын сөзүнө маани берген эмесмин. Тамаша го деп. Негизи тескерисинче кайненелер айтышат: -Мен кайнене болсом катаал болом. Келинди катуу кармаган , -дешет. Мен андай кайненеге даяр элемин. Бирок үч уктасам түшүмө кирбептир кайынсиңдим менен мамилем бузлат деген.  Менин оюм таптакыр башка болчу. Мен анын агасына турмушка чыгамбы, жокпу аны менен курбу болуп кала берем деп ойлочумун. Жигитим ата-энеси менен тааныштырмакчы болуп үйүнө конокко чакырды. Мен атасы, карындашы жөнүндө ойлонгон да жокмун. Баарынан коркконум апасы болду.  Кандай кабыл алар экен?-деген ой мээме орноп калды. Баары тескери болду, апасы менен бат эле тил табышып кеттик. Чыгып баратканда Каныш белек берди. Жогорку окуу жайга сынак тапшырганда да мынчалык толкундабасам керек. Сынактан жакшы өткөн талапкердей жеңилдеп алардын үйүнөн чыктым. Жаныбек мени узатып чыгып: -Кандай? Ата-энем жактыбы? -Ооба. Айрыкча апаңдан корктум эле, абдан жакшы аял экен. Көп узабай Жаныбек экөөбүз баш коштук. Биздин тойдон эки айдан кийин Каныш мектепти аяктап, бүтүрүү кечесине даярданып жатты. Бүтүрүү кече аныкы, чуркаган мен болдум. Кийим тигүүчүгө, чач тарачка барып сүйлөшүп кел- дим. Көйнөктү кымбат, жакшы жарашыктуу кылып тигүүсүн сурандым. Кайынсиңдим өзү сулуу эле, чачын жасалгалап, жаңы көйнөктү кийгизип койсо андан да сулуу болуп калды. Бирок Каныш эмнегедир элдин көзүнчө мени катуу кагып салды. Баарын чуркап бүтүргөн мен, жеме уккан да мен болдум. Ошол күндөн баштап анын мүнөзү өзгөрдү. Эмне жасабайын жакпайт. Кайненем мени мактап калды: -Жайнаш келгени үй жыйналып калды. Баары орду-ордунда. Баламдын дагы көңүлү ачык. Жакында мени неберелүү кылат,-деди. Каныш апасын да урушуп салды: -Ал жыйнабаганда ким жыйнайт. Ал төрөбөгөндө ким төрөйт. Эмне мен жыйнап, мен тамак жасап, мен төрөмөк белем. Ошолордун баары анын милдети. Кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк келтирсин, байкемдей жигит туш келгенине. Мага да байкемдей күйөө туш келсе, мен дагы баарын кылмакмын. “Кыз жаман эмес, кыздын барган жери жаман” деген макал дал ушул кайнсиңдиме окшогон бирөөгө айтылган болуш керек. Мектепти бүткөнү бир кесипке кызыккан жок. Бир канча кесиптик курстарга жазылып, аз убакыт барат да анан эле таштап салат. Эмне болду?-десең: -Мага бул кесип жакпай калды. Эч бир кесипти сүйүп тандаган жок. Баарына тийип-качып, бирөөнө да көңүлдөнгөн жок. Ошондой күндөрдүн биринде бир жигит менен таанышып, бир аз убакыт менден алыстагандай болду. Ошол убакта Жаныбек экөөбүз кыздуу болдук. Мен үчүн жашоо кызык боло баштады. Каныштын жигити көпкө чейин баш кошуу сунушун айтпай койсо, ага да мен күнөөлүүдөн бетер өчүн менден алат. Кыларга иши жок, менин жаныма келип, эки айлык наристени карап: -Эмне мунуң отурбайт? -Отурганга азыр эрте. Убагы келсе отурат. -Антпей эле чынын айтпайсыңбы. Балага көңүл бурганга эригип жатам деп,-дейт. Азыр интернетте жазып жатпайбы: -Баланы мүмкүн болушунча эрте отургузуп көндүрсе, ошончолук дени сак болот- деп. Жалкоолонуп жатасың да. Мен чын кеңүлдөн: -өзүң төрө, анан каалаганча убакыт бөл, каалагандай тарбиялайсың. Мени өз жайыма кой. Бир азга коркуткансып унчукпай калды. Анан: -Кызыңдын маңдайы эмне болгон? Бир нерсе чыгып кетиптир го. Дарыгерге алып бардыңбы? -Жок. -Сен кандай апасың? Балаң чирип баратса да карабаган. Акыры ачуум келип: -Кызым экөөбүздү жайыбызга койчу. Сага жакпай жатса эшик тигине, чыгып кет. Жинденген бойдон эшикти тарс жаап чыгып кетти. Кеч Жаныбек келгенде ага мени жамандап арызданды. Күйөөм мага насаатын айтып: -Карындашыма катуу сүйлөбөй эле койчу. өзүңдү карма. Аз калды, турмушка чыкса андан да кутуласың. Бир аз чыда. Жаныбек айткандай эле Каныштын жигити колун сураптыр. Ошол күндөн баштап бала төрөгөнгө шаша баштады. Мени көрсөтүп:. -Мунун бир кызы бар, жакында дагы төрөйт. Менин бир да балам жок,-деп мага атаандаша баштады. Боюна бүтпөй кечиккен сайын бүт үй-бүлөнү түйшүккө салды. Болбогон нерсеге жинденип, жок жерден шылтоо таап чыр чыгарчу болду. Кудай жалгап боюна да бүттү. Мурдагыдан да мүнөзү катаалдашты. Дагы деле болбогон нерсеге чойоктогондо апасы, күйөөм анын үстүнө уйрүлүп  түшүп жатышты. Ал эле эмес менин апам да Каныш деп айланчыктайт. Мен: -Мени карап да койгон жок элеңер го,-дейм. Апам: -Сен күчтүүсүң,- дешип жооткотушат. -Каныш оорукчан. Ага камкордук керек. Ал дагы кыз төрөдү. Биздикине күйөөм баш болгон толтура туугандар келишип: -Каныштын баласына кызындын кийилбей калган кийимдерин бер. Сенде бар болгондон кийин жөн эле акча корото беребизби. Алар акчасын үй алганга чогултушсун. Мен үчүн эч кандай оорчулукту жаратпайт. Берсе берип деле коймокмун.Бирок каныштын кылыгына жиним келип:-Мен аны өзүмдүн акчама сатып алгам. Экинчи балабыз төрөлүп калса керек болот, бере албайм, -дегим келди. Бирок ызычууну каалаган жокмун. Баарын бердим. Кызымдын оюнчуктарын, буюмдарын алып кетишти. Алар айткандай мен күчтүүмүн. Таап алам.  Бир аз убактан кийин Каныш мойнундагы чынжырын көрсөтүп мактанды. Күйөө баланын кызына кийим-кече алганга акча жок, аялына алтын буюмдарды алып берет. Кудай буюрса жакында мен төрөйм. Боюма бүткөндө айткам: -Менин экинчи балам боюмда бар экенин Каныш укса, ал дагы боюна бүтүргөнгө жанталашат, көрөсүңөр деп. Айткандай эле ошондой болду. Мен майда төрөйм, ал сентябрда төрөйт. Мен төрөйүн дегенгечейин эч ким көңүл да бурган эмес. Анын курсагы билине элек бардыгы айланчыктап: -Эмне ичесиң? Бири шире куюп берип жатса, экинчиси тамагын белендеп жатат. Жакшы дарыгерлерге көрсөтүшүп, убара тартып жатышат. Жайында чет мамлекетке эс алганы жөнөтүштү. Кулагындагы кулак сөйкөсү да башка болуп калыптыр. Жакында экинчисин төрөсө дагы күйөөм экөөбүздүн шорубуз. Анын кийимдери, оюнчуктары биздин мойнубузда. Мен чала-була бирөөлөрдөн угуп калдым. Каныш курбуларына: -Менин жеңем келесоо. Кантип жашашты билбейт,-дептир. Чынында мен келесоомун, агасына эркелеп чет өлкөгө барып эс алам деп айта албайм, алтын сөйкө, чынжырча сатып бер дей албайм. Башка эмне дейм… БУЛАК:ТАМЧЫ

Аргумент.kg
Жооп калтыруу