Тагаев эмнеге тайраңдайт…

Жалал — Абад шаарынын мэринин туугандарына таандык «Тагай бий» мончосунан шаар мэри Мураталы Тагаев жергиликтүү тургунду сабап салганы маалымат каражаттарында жазылып, сынга алынды. Маалыматка ылайык жабырлануучу ошол эле түнү ооруканага кайрылып:

Ага «башынан жараат алган, мээси чайкалган, мурдунун сөөгү сынган, моюнда жана бетте көгала тактар бар» деген диагноз коюлган». Андан тышкары жабырлануучунун укук коргоо органдарына жазган арызы да белгилүү болду.

Тилекке каршы, Тагаевге чара көрүлгөн эмес. Бул көпкөн мэрдин биринчи жолку чуудан кулагы чыгып жаткан жок. Буга дейре журналисттерди сөгүп жаткан аудиосу тараган.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу