Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу: “Бишкек ТЭЦи боюнча Сооронбай Жээнбековду күнөөлөө акылсыздык, уят нерсе”

 

— Бишкекте КСДПнын жашыруун курултайы өтүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев партия төрагалыгына шайланды. Бул жыйындан соң Атамбаев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Анда экс-президент Мискенбаевдин сөзүн кайталап Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин айтты. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

— Асылбек Жээнбековдун мандатын эч ким ала албайт. Анын мандатын тапшыруу боюнча талап мыйзам жагынан да, этика жагынан да туура эмес. Буга чейин А.Жээнбеков агасы президент болсо мандатын тапшырат деген сөз эч качан айтылган эмес. Бул талап өзүмбилемдик, мыйзамсыз. Булар А.Жээнбековдун мандатын тапшыртып, аны алсыздандырып туруп парламентти кол баласы кылгысы келип жатат. Буга эч качан жол бербеш керек. Атамбаевдин тегерегиндегилер аны пайдалануу менен кайра эле таасирин сактап калгысы келүүдө. Бирок, буга эл жол бербейт.

— Бишкек ТЭЦиндеги авария тууралуу суроого жооп берген Атамбаев андагы кырдаалга президент Сооронбай Жээнбековду күнөөлөгөндөй болду. Экс-президенттин мындай кадамынын артында кандай максат турушу мүмкүн?

— Бишкек ТЭЦиндеги маселе С.Жээнбеков өкмөт башчысы болгонго чейин эле чечилип, ал жерде кайсы компания кызмат кыла турганы, аларга канча каражат бөлүнөрү аныкталып калган. ТЭЦти оңдоону Атамбаевдин кадрлары ишке ашырды, алар бүгүнкү күндө да иштеп жатат. Ал жерде авария болгондон кийин коррупциялык иштер калкып чыкты. Эми Сооронбай Жээнбеков бул боюнча кылмыш ишин козготушу керек. Ошондо кимдин уурдаганы ачыкка чыгат. Бишкек ТЭЦи боюнча Сооронбай Жээнбековду күнөөлөө акылсыздык, уят нерсе.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу