Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаевдин командасынын кылмыш иштери ашкереленип жатса, кантип «Ак Шумкарды» ыйгарууга болот?»

— Табылды мырза, бул сапар А. Атамбаевге бериле турган “Ак Шумкар” сыйлыгы тууралуу кеп кылсак. Жакында эле депутат И. Карамушкина “Экс-президент Атамбаевге «Ак Шумкар» сыйлыгы тапшырылмак, бул жөнүндө атайы Указ да бар. Бирок, аны тапшыруу кечеңдеп жатат деп” коомчулукка жар салды. Бирок, ошол эле маалда коомчулук И. Карамушкинанын мындай суроосуна каршы пикирлерин билдирип, Атамбаевге бул сыйлык берилбеш керек деген талаптарын айтты. Бул пикирди карапайым элден тартып, аттуу-баштуу саясатчылар да, коомдук ишмерлер да колдоп кетти. Сиз бул маселеге кандай карайсыз?

— Менимче, экс-президент Атамбаевдин тегереги бул жерде башка максатты көздөштү көрүнөт. Алар бүгүнкү өлкөдөгү кырдаалды эң мыкты билип жатышат. Экс-президент Атамбаевдин коомдо аброю түшүп кетти. Аны бүгүн мурдакыдай кадырлап, барктагандар өтө эле аз. Ошого, анын туулган күнүнө жакын калганда, эч ким келип куттуктабай койбосун деп чоочуркашып, бир айла табууну туура көрүшкөн. Анан «Ак Шумкар» сыйлыгын эстешип, шепибиздин туулган күнүнө бул сыйлыкты алып бере салсак, анда саясатчылардын баардыгы болбосо да, кайсы бир бөлүгү келип куттуктап кетет деп ойлошсо керек. Бирок, И. Карамушкинанын бул билдирүүсү тескерисинче, абалды ого бешбетер татаалдаштырып жиберди. Карапайым элден тартып, аттуу-баштуу саясатчылар, коомдук ишмерлер Атамбаевге бул сыйлык берилбеши керек деп чыгышты. Указды кайра жокко чыгарылышы керек деп жатышты. Себеби, Ф. Ниязов башында турган КСДПнын штабы бүгүнкү реалдуулукту эске албай, сыйлык берилсин деп догурунууну туура көрүшкөн. Туура, президенттик шайлоолордон кийин коомчулук бул шайлоолордун тынч өтүп кеткенине кубанып, жетине албай жаткан эле. Ал кезде Атамбаев коомчулук алдында бийлигин тынч жол менен өткөрүп берген президент катары каралып жаткан. Бирок, ким билиптир, андан көп өтпөй эле Атамбаевдин командасынын миллиондогон долларларды жалмаган коррупциялык схемалары билинип, кылмыш иштери ашкереленип калаарын. Мындай болоорун эч ким күткөн эмес. Бүгүн «Датка-Кемин», ТЭЦ проектилери, Тарых музейин оңдоо, жолдорду куруу иштери боюнча миллиондор таланып-тонолуп кеткендиги боюнча жазып жатышат. Жалаң эле ТЭЦ боюнча бир канча мамлекеттик чиновник камалып, сурак берип атышат го. Анан ушундай абалда, экс-президент Атамбаевге кантип «Ак Шумкарды» ыйгарууга болот? Коомчулук бул аракеттерди түшүнбөй калбайбы. Бүгүн Атамбаевдин командасындагылар коррупцияга шектелип камалып жатса, ошол эле учурда экс-президенттин өзүнө «Ак Шумкар» ыйгарылса, муну эл түшүнө алмак эмес. И. Карамушкина бул тууралуу сөз козгоор менен ММКларда, сайттарда, фейсбукта курч талкуулар жүрүп, Атамбаевдин бул сыйлыкты алууга моралдык укугу жок экендиги айтылып, ачууланып жатышты. Ошого, экс-президенттин тегереги артык кылабыз деп, тыртык кылып алды го дейм. Бүгүн бул проблеманы козгой турган учур эмес болчу. Тергөөлөр жүрүп жатат, бул иштер боюнча саясий, юридикалык, моралдык баа бериле элек. Ошого бул маселе жогоруда айтылган чуулгандуу иштерге кайсы бир деңгээлде баа берилмейинче жабык туруучулардан эле.

— Атамбаевдин туулган күнүнө эч ким барып куттуктаган жок. КСДПнын саясий кеңешинен да, мурдагы досторунан да эч ким көрүнбөдү. Эмнеге барбай коюшту?

— Анын себеби бирөө эле. Куттуктап баруу үчүн да, экс-президент Атамбаевдин учурундагы ийгиликтерди эскерип сүйлөп, Сиздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыз зор дегендей жылуу сөздөрдү айтыш керек эле да. Атамбаевдин тегерегиндегилер коррупцияга шектелип камалып жатса, кайсы саясатчы элден коркпой, батынып барып, аны туулган күнү менен куттуктап, жылуу сөз айта алсын. Элдин наалатынан деле коркушту да.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо” 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу