Табылды Акеров: «Президент айкөлдүк кылды, болбосо күч органдары катуу чарага барышы мүмкүн болчу!»

Президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүнө уят сөздөрдү жазып, карикатура жасаган сүрөтчү Никита Тарасенкону укук коргоо органдары суракка чакырган. Бирок, президент сүрөтчүнүн жазага тартылышына каршы болуп койду. Бул боюнча белгилүү саясат талдоочу Табылды Акеров мындай деди: «Президент чын эле айкөлдүк кылды. Болбосо, күч органдары өтө эле катуу чараларга барып коюшу мүмкүн эле. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Президент С. Жээнбеков буга чейин да ушундай кадамдарга барган. Өлкө башчысы журналисттерге да түшүнүү менен мамиле кылып, бардык сот иштерин токтоткон эле. Бул өтө жакшы кадам болгон. Биз баарыбыз өлкө башчысынын ошол кадамдарга барышын күткөнбүз. Президент үмүтүбүздү актады. Мындай аракеттер С. Жээнбековго аброй алып келип жатат,-дейт Т.Акеров.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу