Табылды Акеров: “Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда  тымызын тиреш же жашыруун сыр болушу мүмкүн эмес”

— Табылды мырза, Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга президент болгонуна туптуура бир жыл болуптур. Бир жыл аралыгында Сооронбай Шарипович кайсыл маселени жөнгө сала алды?

— Бул маселени салыштырмалуу анализдин негизинде карасак болот. Эсиңиздерде болсо, Атамбаевдин бийликке толук олтурушу үчүн экс-президент Р.Отунбаева 1,5 жыл бийлик жүргүзүүсүн талап кылынган. Ал Атамбаевдин бийлигинин фундаментин түзүп берген. Өлкөнү кайра демократиялык жолго алып келип, стабилдүүлүктү орноткон. Бирок, ошондой болсо да, Атамбаев бийликке келгенден кийин дагы 2 жылдан көбүрөөк убакыт бийликке толук олтура алган эмес. Ак үйдүн 7-кабатында “мага бийлик жетишпей жатат, мени укпай жатышат, мени иштетпей жатышат”- дегендей эле арыздануу, даттануулар угулуп турган. Ал эми сыртта, көчөдөгү анын оппоненттери ийик ийрий албаган ийик  тандайт деп, мыйыктарынан күлүп турушкан. Атамбаев А.Келдибеков менен Ташиевдин түштүктөгү жана “Кумтөрдүн” айланасынан улам чубалган митингдерди араң токтоткон. Мына ошондон кийин гана ал бийликке толук олтурду. Мыйзамдагы ууру Батукаевдин боштондукка чыгарылышына байланыштуу окуялар анын бийлигинин толук кандуу бекишин сүрөттөйт. Корпой үркпөй эле, эч ким менен кеңешпей туруп эле, ошол кездеги бийлик Батукаевди эркиндикке чыгарып жиберген. Мына ошондон баштап 7-кабатта пластинка алмашып, чон чиновниктерге, оппозицияга, элге таарынган жана буларды каарыган үн эле угулуп калган. Бийлик оппозициянын артынан түшүп куугунтукка алып, камоолор күчөгөн. Саясатчылар, журналисттер соттолуп, алардын кымбат баалуу мүлктөрүн мыйзамдуу түрдө тартып алуу практикага айланган. Экс-президенттин пайдасына мыйзамдуу рейдерлик күч алган. Өлкөдө эл коркуп, коопту абал түзүлгөн. Экс-президент өзүн сындагандардан ушундай жол менен өч алган. С.Жээнбеков шайлоо компаниясына аттангандан баштап эле, Атамбаев бийликке таасир берүүчү фигура катары кала берери айтылып келди. Оппозиция “эч нерсе өзгөрүлбөйт, Атамбаев мөөнөтү бүткөн соң, Польшанын президенти Качинскийдей болуп, резиденцияда жатып алып эле өлкөнү башкарганы жатат”- деп сындап келди. Бирок, С.Жээнбеков инагурациядан кийинки 2 айдын ичинде өз жолу менен бараарын элге ачык билгизди. Ал Коопсуздук кеңешин жыйынын өткөрүп, коррупцяга күрөш жарыялап, өзүнүн программасындагы эң орчундуу убадасын аткарууга киришти. Мына ошондон тартып коомчулук президент С.Жээнбеков өз жолу менен бара тургандыгын ачык-айкын түшүндү. Ал эми парламентке, саясатчыларга болсо, президенттин коррупция менен күрөшкө багытталган саясий эрки менен макул болуу, аны колдоо жана жардам берүү гана калды. Аларда эки эле жол калган: бирөө С.Жээнбковдун коррупция менен күрөшүн колдоо же экс-президент Атамбаевди колдоп оппозицияга өтүү. С.Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү демилгесин эл колдоп жаткандыктан, саясатчылардын көпчүлүк бөлүгү жада калса оппозиция президент тарабында болууну туура тапты.

— Президенттин Атамбаев менен болгон мамилесинин жыйынтыгы кандай болот? Ортодогу мамиленин бузулушу кимисине утуш, кимисине утулуш алып келет?

— Мен ортодо мамиле бузулду деп деле айтпайм. Бул жерде С.Жээнбеков өз жолу менен кетти. Ал эми Атамбаев болсо КСДПнын башына келип, кайра чон саясатка келем деген өзүнүн мурда алдын ала пландаштырган проектиси менен калды. Ошондуктан бул жерден чоң деле трагедия көргөн жокмун. Бара-бара бул маселе өзүнөн өзү чечилет деп ойлойм. С.Жээнбековдун өз жолу менен кетишинен эл гана утту. Бүгүн өлкөдө коомчулук, эл өзү менен өзү аракеттенип, саясат менен деги эле иши жок туруктуулук жана тынчтык өкүм сүрүп турган мезгил. Эч ким, эч кимди кодулабайт, журналисттер куугунтукталбайт, ой-пикир үчүн эч ким камалбайт. Сөз эркиндиги толук кандуу өкүм сүрүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Камоолор эч кандай шоулар менен коштолбойт. Эч кимди эл душманындай кылып, мокочо кылып КТРК, ЭлТР, 5-каналдан көрсөтпөйт, гезиттерде заказдык негизде жаманатты кылбайт

Сооронбай Жээнбеков тымзын бийлигин бекемдеп алып, анан көргүлүктү көрсөтөт дегендер бар. Чын эле ошондой болушу мүмкүнбү?

— Өлкөнүн бүгүнкү туруктуу абалга келишине жеке С.Жээнбековдун салымы чоң. Мен ойлойм, ал бул аракеттеринен жазбайт. Анын дайыма элдин кызыкчылыгында аракеттенгени , анын утушу болуп эсептелет.

— Атамбаев менен Соке тымызын кызматташып алып, эл алдында каршылаш адамдын ролун ойноп жатышкан жокпу?

— Жок. Бул таза эле абсурд. Жогоруда айтпадымбы, бул жерде тек гана саясий жолдордун айрылышы болду. С.Жээнбеков өз жолу менен кетти. Анан калса, С.Жээнбеков менен А.Атамбаев бири-бирине карама-каршы келген инсандар. Атамбаевдин ачык шар, туура болсо да, туура эмес болсо балп эттирип айтып салган мүнөзү бар. С.Жээнбеков болсо өтө оор басырыктуу, эмоцияга алдырбаган, достукка өтө бекем саясатчы. Эгер С.Жээнбеков түштүк окуялардында бекем турбаганда, Убактылуу өкмөттүн бийликти кармап турушу өтө татаалдашып, Атамбаевдин бийликке келиши мүмкүн болбой калмак. Жогоруда айтпадымбы, С.Жээнбеков менен Атамбаев бири-бирине антипод адамдар. Бул экөөнүн ортосунда эч кандай тымызын же жашыруун сыр болушу мүмкүн эмес.

Кааласа, Атамбаев Сооронбай Жээнбековду  кызматтан кетирип коюп, ордуна башканы президент кылып коёо алабы? Коомчулукта ушундай тариздеги  маалыматтар да айтылып жатат го?

— “Оозун  сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет”- деген кеп бар. Ошондуктан мен ойлойм, Атамбаев эгер ушундай негизде ойлонуп жана аракет кылып жаткан болсо, анда жаңылышат.

Азыркы бийликке каршы күрөшө турган Атамбаевде реалдуу мүмкүнчүлүк барбы же камап койбосун деген таризде таасирдүү адамдай түр көрсөтүп жатабы?

— Чынын айтсам, Атамбаевдин абалы бир топ эле кыйын. Атамбаев бүгүн элдин эсинде  уурулук менен ишке ашкан долбоорлор менен калды. ТЭЦтеги авария, коррупциялык схемалар ачыкталып жатат. Ошон үчүн  анын чоң саясатка келиши өтө эле күмөндүү. Анын дүйнөлүк аренаны коюңуз, Орусия, Казакстан, Түркияда колдоо табышы өтө  эле күмөндүү. Аны бир чоң коогалаң (түштүк окуяларындагыдай же террористер каптап кирип) болуп кетсе, ошонун негизинде кайра чоң саясатка илешип калышы мүмкүн дегендер деле жаңылышат. Бул пикир деле күмөндүү. Себеби, мындай учурда дүйнөлүк лөк мамлекеттердин президенттери колдоп кетүүчү бизде Р.Отунбаева , Ө.Текебаев ж.б. чоң саясатчылар бар. Революция Атамбаевге эч пайда алып келбейт. Элдик толкун күү менен келип, камакта олтурган Ө.Текебаевди боштондукка чыгарып, аны өлкөнүн жана өзүлөрүнүн жаңы лидери кылып алышы мүмкүн. Үчүнчү революция кылгандардын бийликте бекем олтуруп калышы өтө эле күмөндүү деп ойлойм. Эл өзүнө жаңы лидер тандап алышы мүмкүн.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу