Табылды Акеров:“Атамбаев өзүн Кудайдан кийинки адам, акыркы чындык деп билип алган”

– Атамбаев суракка чакырууга келбей, өзүн мыйзамдан жогору коюп, башкаларды дагы мыйзамга баш ийбөөгө чакырып жаткан жокпу?

– Ооба. Атамбаев Кыргызстанды 6 жыл башкарган мезгилде авторитардык  режим орноткон. Бийлигине таянып, ал өзүн Кудайдан кийинки адам, акыркы чындык деп билип алган. Тегереги да аны Кудайдан кийинки чындык катары сезчү. Ошого бүгүн кырдаал өзгөрүп кеткенине карабастан, ал дагы эле ошол образдан чыга албай келет. Атамбаев 6 жылда 30дан ашык саясатчы, коомдук ишмер, журналисттерди камады. Көпчүлүгүн өч алуу максатында камады. Аны жана анын  үй- бүлө мүчөлөрүн жана жакындарын сындагандыктары үчүн кесилип кетишти. Бирок, өлкөдө саясий абал өзгөрүп, Атамбаевдин терегегинен айрым коррупцияга аралашып кеткен кадрлар камалып кетти. Алар Атамбаевдин буйруктарын кыйшаюсуз аткарып жатып,” вождизмге”өңчөй берилип кеткендиктен, “вождизмдин” курмандыктары болушту. Бирок, Атамбаев дагы деле ошол абалда калды. Ал өлкөдө болуп жаткан  саясий  процесстерди  моюнга алгысы келбей жатат. Бүгүн ал өзүнүн бийликсиз калганын мойнуна алгысы келбей жатат. Бир эсептен сурак берүүдөн арданып да жатат. Атамбаев Кыргызстанда Атамбаев улук эмес, Атамбаев акыркы чындык эмес, мыйзам улук жана мыйзам акыркы чындык экенин билсе да, билгиси келбей, жеке өзү үчүн өзү түзүп алган дүйнөдөн жерге түшкүсү келбей жатат. Эң өкүнүчтүүсү, Атамбаев Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбей, аларды  тебелеп тепсеп, элге жамынып жатышы, башкаларды  да ошондой аракеттерге түртүп жатуу менен барабар.

Бирок, Мамлекет жана коомчулук бул иште бирге аракеттенишип, Атамбаевдин бул кылыгын туура түшүнүп, провокацияларга алдырбай, проблеманы өтө дыкаттык менен чечүүгө аракет кылышы абзел.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

“Ring.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу