Табигый тамактануу

Кайсы бир убактарда ата-бабаларыбыз мөмө жана жер-жемиштерди табигый топуракта өстүрүп, мол түшүм алардан мурун даамына жана пайдасына биринчи кезекте көңүл бурушчу. Бирок улуу өндүрүш революциясы өндүрүшчүлөргө өтүмдүү рыноктун жолун сунуштап, ал эле эмес, дан өстүрүүдө зыянкечтер менен күрөшүү, бат өстүрүү, мол түшүмгө ээ болуу сыяктуу жана башка маселелерди оңой чечүүнүн ыкмасын ыйгарышты.

 

Органикалык эмес химия

Кайсы бир убактарда ата-бабаларыбыз мөмө жана жер-жемиштерди табигый топуракта өстүрүп, мол түшүм алардан мурун даамына жана пайдасына биринчи кезекте көңүл бурушчу. Бирок улуу өндүрүш революциясы өндүрүшчүлөргө өтүмдүү рыноктун жолун сунуштап, ал эле эмес, дан өстүрүүдө зыянкечтер менен күрөшүү, бат өстүрүү, мол түшүмгө ээ болуу сыяктуу жана башка маселелерди оңой чечүүнүн ыкмасын ыйгарышты. өз кезегинде фермерлер продукциясын көбүрөөк сатып, чоң кирешеге ээ болуш үчүн консерванттарды, ароматизаторлорду, боёгучтарды жана даам чыгаргычтарды колдонуп калышты. Жыйынтыгында биздин дасторконубузга нукура мөмө-жемиштер эмес, а химиялык жол менен жасалган азыктар коюлууда.

«Эгерде адамдар сатып алган азыктары тууралуу бардык чындыкты билишкенде, аларды жегенден мурун ачка калганга макул болушмак» дешет азыктар боюнча технологдор жана химия илимдеринин кандидаттары. Мисалга эле алсак, картошканы зыянкеч курт-кумурскалардан сактап калыш үчүн талааны атайын алдикарб менен иштеп чыгышат. Бул химикат абдан уулуу жана аны өз өлчөмүнөн көп колдонгон учурда организмге кооптуу. Ал эми алдикарбдын көп өлчөмүнөн этият болуш үчүн канча «химиялык» картошка колдонуш керектиги али далилдене элек. Мындай изилдөөлөр азырынча ишке ашпай турганы айтылат.

Качан гана илим келерки кадамын жасаганда гендик-модификацияланган азыктар пайда болду. Алар абдан кыска убакытта бышып жетилип, өтө чоң көлөмгө ээ болушат. Бирок мунун баары алдамчылык экенин эске салышат химиктер. Кээ бир маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндөгү онкологиялык оорулардын себептери дал ушул айыл чарбасында колдонулган химикаттар болуп саналат. «Консерванттар, боёктор, зыянкечтерге каршы каражаттар жана башка химикаттар адамдын организминде да өз касиетин жоготушпайт»,- дейт химия илимдеринин кандидаты жана азыктар боюнча технолог Валерий Прохоров. Алар өз ишин кылышат, ал эми азыктар эмес, а биздин ички органдарыбыз бактериялар менен күрөшүп, кээде азыктардын пайдалуу касиеттери да генетикалык мутацияны чакырышы мүмкүн. Ошондуктан өз ден соолугуна кам көргөн адамдарга бир эле жол бар – чыныгы табигый органикалык азыктар менен азыктануу.

Аларды кантип белгилешет?

Бардык органикалык азыктарга бир жыйынтыкка келген белги Европалык комиссия тарабынан жаңыдан гана иштелип жатат. Ал эми башка мамлекеттер менен өндүрүүчүлөр  өздөрүнүн белгилерин колдонушууда.

Германияда бул алты бурчтуу  BIO жазылмасы, Францияда – AB («биологиялык айыл чарба» дегенди түшүндүрөт) тамгасы менен жазылган жашыл квадрат, АКШда – USDA Organiс, Бенилюкс мамлекеттеринде EKO менен SKAL маркировка жазуулары кеңири жайылган. Мындан сырткары кээ бир экоазыктарына Евросоюздун белгилерин коюшат. КМШ өлкөлөрүндө болсо таңгактын сыртына көп учурда жөн гана «Organic» деген жазууну басышат.

Ким чыгарат?

Кулакка кызыктай угулуп, ишенбестик жаратышы мүмкүн, бирок дал ушул экоазыктардын күчтүү рыногу катары фаст-фуддун «атасы» болгон АКШ аталат. Ал жакта жалаң органикалык азыктарды саткан бир нече ири соода түйүндөрү иштерин мыкты жасашат, мисалы, «The Cascadin Farm» жана «The Fаrm». Ал эми көптөгөн дүкөндөр өздүк маркасы бар органикалык азыктарды сатышат.

Бүгүнкү күнү Европада органикалык азыктарды өндүрүүчү 120 000 фермер чарбалары иштешет. Алардын арасында белгилүү бренддери – «Demeterm», «Ecovin», «Ecoland», «Naturland», «Biokreis», «Biolend». Органикалык азыктарды өндүргөн дагы бир ири ишкана – «Michel Torino».

Бизде өзүбүздүн жеке фирмалык экоазыктарыбыз жок деп капалануунун кажети жок. Брендсиз жана атайын таңгаксыз болсо да  алар бар жана кадимки дүкөндөрдөн тапса болот. Алар: өсүмдүк майлары, макарондор, гречка, момпосуйлар, кетчуптар, ширелер жана чайлар.

Таза даам 

Химиясыз жана уулуу заттарсыз, боёкторсуз, гендик-модификациялоонун ыкмалары колдонулбаган мөмө-жемиштер органикалык мөмө-жемиштер болуп саналат. Ошондой эле эт, жумуртка, сүт азыктары (эгер уйлар, эчкилер жана койлор химикатсыз жем жана жайлоонун чөбү менен азыктанышкан болсо), чай, кофе, жаңгактын түрлөрү, кургак мөмөлөр, өсүмдүк майлары, макарондор менен нан азыктары, балдардын тамактары жана керек болсо шекер (кызылчадан жасалганы жарабайт) да органикалык болуп эсептеле алат.

Баарын башынан эстөө

Органикалык азыктардын өзгөчөлүгү – нукуралыгында. КМШ мамлекеттеринде экологиялык азыктар химикалык азыктарга салыштырмалуу бир кыйла кымбат турат. Бир чети кымбат баа сарамжал фермерлер менен сатуучулардын күнөөсү эмес. Анткени «Organic» деген сертификатты алуу үчүн өндүрүүчүлөргө өтө кымбат турган технологияны колдонууга туура келет.

Органикалык азыктарды баалабай коюу мүмкүн эмес. Мисалы, органикалык кивини изилдешкенде, анда С витамини менен башка дагы пайдалуу заттар бир нече жогору экени байкалган. Ал эми сүттү текшергендер пайдалуу майлуу кислоталарга бай экенин айтышкан. Органикалык жемиштер организмди 20-40 пайызга чыңдоого мүмкүнчүлүгү бар экенин далидешкен. Бекеринен кээ бир окумуштуулар «Organic» белгиси бар азыктарды базарда эмес, дарыканаларда сатыш керек деп айтышпаса керек.

ЖөНөКөЙ 7 КЕңЕШ

  1. Рационуңуздан газдалган суусундуктарды, таттуу ширелерди чыгарып, аларды шекер кошулбаган, 100 органикалык мөмөлөрдөн жасалган ширелерге алмаштырыңыз.
  2. Органикалык азыктарды корооңузда өстүргөнгө аракет кылыңыз.
  3. Бир айда жок дегенде бир күн бою ач карын жүрүүнү адатка айлантыңыз.
  4. Узак жолго пайдалуу муздак суусундуктарды, алма, сабиз, сыр, анан албетте жаңы сыгылган мөмө ширелерин алганды унутпаңыз.
  5. Жолдо органикалык азыктардан жасалган бутерброд сыяктуу азыктарга атайын сактоочу идиштерди алыңыз.
  6. Органикалык сүттү сатып алыңыз, ал организмге пайдалуу.
  7. Муздаткычта тоңдурулбаган, жалаң гана таза, жаңы азыктарды сактаңыз. Ошондо гана туура тамактанган болосуз, себеби «организм» менен «органика» бир маанинин ээлери эмеспи.

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу