Таба эмес, тобо…

Оппозициялык саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери, легендарлуу депутат жана бардык мыйзамдардын “атасы” Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоо алдында Мевский, Модин деген орусиялык шылуундардын далили жок, оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде бийлик тарабынан атайын ойдон чыгарылган айып тагылып, сегиз жылга эркинен ажыратылгандыгы жаш балага деле белгилүү. Коомчулук бул “кылым сотун” караган Эрнис уулу Айбектен адилет чечим чыгаруусун өтүнгөн болчу. Бирок ал чындыктан Ак үйдүн көрсөтмөсүн жогору коюп, Ө.Текебаевдин үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жыл эркинен ажыраткан чечим чыгарды. Канткен менен ушул жаш, билимдүү сотко көпчүлүк нааразы болду да. Андыктан эл көрбөйт билбейт деп эмне кылсаң да, көктө Кудай карап тураарын унутпаш керек эмеспи. Айрым имиштерге караганда, азыр ал нерв оорусуна чалдыгып, бети бир жагына кыйшайып, бет булчуңу титиреп калыптыр. Ооруканада жатып дарыланып чыкса да, бетинин бир капталы кыйшайып, өзүнө келе албай, араң жүрөт дешет. Бул тууралуу экс-президент Р.Отунбаева да кайсы бир жыйында айтты. Албетте, биз аны табалабайбыз, тобо кылабыз. Айыгып кетсин, бала-чакасы бардыр. Бирок канткен менен кресло, карьера үчүн бирөөнүн тагдырын талкалап, болгондо да мыйзам жазган депутатты камаган туура эмес ко.

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу