Таанышуу менен кездешүү тууралуу кызыктуу маалыматтар…

Таанышуу менен кездешүү тууралуу ар түрдүү аңыз-кептер бар. Бүгүнкү күндө бул темага байланыштуу атайы изилдеген окумуштуулар да жетиштүү.

Негизи кыз менен жигиттин таанышуусу менен кездешүүсү – жашоосунда эсте калган окуялардын бири. Көбүнчө адамдар бул маалды унутушпайт. Ошого байланыштуу таанышуу менен кездешүү тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшмөкчүбүз.

1.Социалдык тармакта таанышкандардын 48 пайызы ушул эле социалдык желеде айрылышат экен.

2. Жөн гана таанышуу 3 же 5 айдан кийин үзүлөт.

3. Жумушта жылдызы жарашкан жандардын 40 пайызы үй-бүлө курушат.

4. Социалдык түйүндө таанышкан жигиттердин көпчүлүгү «толук кыз менен кездешип каламбы» деп коркушат экен.

5. Изилдөөлөргө таянсак, соода орундары, тойкана, мектеп менен жогорку окуу жай таанышууга ылайыктуу жерлер экен. Себеби, бул жактарда адамдар өздөрүн ачык, эркин кармашат.

6. Эгер жигиттин кызга деген сезими болсо, анда аны менен кездешүү учурунда ысымын кем дегенде эки жолу кайталап айтат. Ал эми кыздарга өзүнүн ысымын башка бирөө айткан жагымдуу угулат.

7. Кыздар алгачкы кездешүүдө жигиттердин тиши менен тырмагынын тазалыгы менен саламаттыгын, сепкен атырын, көз айнеги менен чач үлгүсүнө баса маани беришет. Жигиттер кездешүүгө спорттук кийим менен келе турган болсо, ал кыздын табитиндеги жигит эмес. Анткени, алгачкы кездешүүдө кызга жагымдуу таасир калтыруунун бирден-бир жолу жарашыктуу кийинген мырза болуп саналат. Ошону менен катар, жигиттер алгачкы кездешүүдө кекире берүүдөн сак болгондору жөн. Себеби кыздар алгачкы кездешүүдө кекире берген жигитти жактырбай калышат имиш.

8. Эгер кыз жигитти алгачкы кездешүүдөн кийин жактырып калган болсо, анын сезимин турлүү кылыктарынан менен байкоого болот. Мисалы, кыз жигиттин айткан ар бир сөзүнө күлүмсүрөп жооп берет, тамашасына чын ниети менен күлөт, чачын түздөп-оңдоп, аны колу менен оройт. Бети кызарып, толкундангандан сүйлөгөндө такала берет.

9. Эгер кыз жигиттин экинчи чалган коңгуроосуна да жооп бербесе, анда сезим тууралуу айтууга дагы эрте. Ал эми кыз кийин коңгуроо чалса…

10. Эгер сиз социалдык тармакта кыздар менен маданияттуу, сөздүн майын чыгарып сүйлөшө турган болсоңуз, анда сизге анын жооп берүү ылдамдыгы да тездей түшөт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу