Таалайгүл Исакунова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу