Таалайбек Ороскулов, Айчүрөк Иманалиеванын жолдошу: «АЙЧҮРӨК ҮЧҮН, БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ӨМҮРҮМДҮ ДА АЯБАЙМ»

Аялзатынын төркүнү бара-бара анын балдары, жолдошу болуп калат дешет. Биздин бүгүнкү каармандар 23 жылдан бери жашоонун ысык-суугуна бирдей бышып чогуу келе жатышкан түгөйлөр. Ырчы Айчүрөк Иманалиеваны кандай учур болбосун жолдошу, балдарынын атасы, эң жакын адамы катары Таалайбек Ороскулов колдоп келет. Анда түгөйлөрдүн маегине назар салыңыздар.

– Таалайбек мырза, Айчүрөк эже менен таанышкан күн эсиңиздеби?

– Албетте, эсимде. Улуттук телеканалда Жамиля Муратова алып барган «Жылдыздуу студия» деген көрсөтүү тартылып калды. Ошондо Айчүрөк экөөбүздү Жамиля тааныштырган. Мен ал кезде Улуттук каналда инженер, Пирамида каналында алып баруучу болуп иштечүмүн. Тааныштырган күнү эле акылымды жоготуп сүйүп калдым (күлүп). Андан бери 23 жыл өтүптүр.

– Айчүрөк эженин эмнесин жактыргансыз же атактуулугуна кызыктыңыз беле?

Таалайбек: – Чынын айтайын, мен анда кыргыз эстрада ырчыларына кызыкчу деле эмесмин. Айканын ырчылыгынын биздин мамилеге эч кандай тиешеси болгон жок. Мен анын адамдык сапатын бааладым. Аялдык сулуулугу, эмгекчилдиги, адамдар менен тил табыша алган сапаттары өзгөчө таасир берген. Айчүрөк: – «Атактуулугуна кызыктыңызбы?» деп жатпайсыңбы, «ошол кезде атактуулуктун туу чокусунда элең» деп айтып калышат. Чынында мен аны байкаган деле жокмун. Көрсө, «Роза гүлү» ыры менен популярдуу болуп кетиптирмин. Эл катары автобуста, троллейбуста эле жүрчүмүн. Азыркыга чейин «Айчүрөктүн популярдуулугу менен «Жаштар» театры 3 жылда бутуна турган» деп калышат. Бул сөз калппы, чынбы, билбейм. Чындыгы деле болгондур. Анткени мен эмгектенген «Жаштар» театрынын концерти дайыма аншлаг же 2-3 сеанс менен өтчү. Ошондо эл менин ырларымды угуш үчүн келип жатышса да, башкалардай эле айлык алчумун. Ал эми Таалай ошол кезде аты чыгып турган орус тилдүү Пирамида теле каналындагы жалгыз кыргыз алып баруучу болчу. Мен аны сыналгыдан көп көрчүмүн. Таалайдын мага карата болгон сүйүүсүн четке какпаганыма ушул дагы таасир эттиби деп калам.

– Салтка ылайык кайнене жоолук салып, анан көшөгөдө отурдуңузбу?

А.: – Кайын журтум өмүр бою шаарда турган адамдар. Кайнатам 30-40 жыл теледе үн жазуучу бөлүмүндө жетекчи болуп иштеген. Кайненем илимдин кандидаты. Таалайдан 5 жаш улуу экендигиме карабай, мен келин болуп келгенде кайненем ак жоолугун салып, батасын берген.

– Уулуңар Арлен төрөлгөн күнү майрамдадыңызбы? Адатта аталар төрөт үйүндөгү келинчегин унутуп майрамдап кетишет го…

Т.: – Ошол маалда алты жылдан бери ичимдикти оозго ала элек болчумун. Арлен төрөлгөндө мен деле башка аталардай бир сутка майрамдап кеткем (күлүп).

– Балдарыңыздардын аттарын ким койгон?

Т.: – Арлендин атын үй-бүлөбүз менен тандаганбыз. Кызымдын атын мен өзүм койгом. Бала кезде Алексей Толстойдун «Аэлита» деген фантастикалык чыгармасын жакшы көрүп окучумун. Чыгармада Аэлита башкы каарман, Марс планетасында жашаган ханбийке эле. Ошол чыгармадан улам кызыма Аэлита деген ысым ыйгаргам.

– Таалайбек байке сыртынан жумшак, сиздин айтканыңыз менен болгон адамдай көрүнөт, чындыгында ушундайбы?

А.: – Сырткы келбет алдамчы. Таалай жумшак көрүнгөнү менен мага караганда катуу, көк бет, өжөр. Биздикинде деле уруш-талаш болот, ошондо Таалай көпкө чейин таарынат. Мен анте албайм, көп учурда биринчи кадам таштап, үй-бүлөдөгү атмосфераны жакшыртып турууга аракет кылам.

– Айчүрөк эже үй жумуштарына жетишпей жатса жардам бересизби?

– Айылдагыдай уйду бадага кошуу, койдун кезүүсүн өткөрүү, самоорго чай кайнатуу, от жагуу деген жумуштар жок да бизде. Башынан эле бул аялдын, тигил эркектин жумушу деп бөлүшкөн эмеспиз. Сенин милдетиң, менин милдетим дебей эле чогуу жасай беребиз.

– Эки уулдан кийин кыздуу болдуңуздар. Таалайбек байке, жалаяк жууган кандай жумуш экенинен кабарыңыз барбы?

А.: – Бала жаңы төрөлүп келгенде аны багуу чоң түйшүк да, сөзсүз каралашкан адам керек. Жалаяк жууп, балдарга каралашуу жагынан мен Таалайга беш деген баа берем. Эки баласы төрөлгөндө экөөнө тең чоң жардам берди. Атабызды бул жагынан укмуш деп мактагым келбейт. Анткени бардык эле аталар балдары үчүн ушундай жардам кылат болуш керек.

– «Жаш өткөн сайын сүйүү балдарга өтөт» дешет. Жаш кездеги сүйүүнүн басаңдаганына ич ачышып стресске кабылган учур болобу?

А.: – Мен ушул сыяктуу сөздөрдү ата-энелерибизден, улуу муундан угуп калчу элем. Эң негизгиси, кандай сүйүү болбосун бул сүйүү да. Балдарга болгон сүйүүбү, эки адамдын ортосундагы сүйүүбү – бул ыйык сезим. Ушул сезимдин бар болуп тургандыгынын өзү эле керемет.

– Чакан мамлекетиңерде ким президент?

Т.: – Биздин үйдө Айка президент. Бир нече жыл мурун шайлоо болуп, Айка жеңип чыккан. Тамаша, үй-бүлө бир организм, кандай маселе болбосун чогуу акылдашып чечим чыгарабыз.

– Сизге Айчүрөктүн күйөөсү деп кайрылышса кандай акыбалда каласыз?

Т.: – Ооба, мени Айчүрөк Иманалиеванын күйөөсү катары кабыл алгандар көп, бул нормалдуу эле көрүнүш. Ошол эле учурда мени теле алпаруучу катары тааныгандар бар.

– Таалайбек байке, бир нече жыл мурун жубайыңызга, дегеле үй-бүлөңөргө кол салуу болгон эле, ошол күндөрдөн кантип өттүңөр?

Т.: – Мен ал окуя тууралуу, ошол ишке буйрутма бергендер жөнүндө ушул күнгө чейин эч жерде комментарий берген эмесмин. Бир гана нерсени айткым келет, мен Айчүрөк үчүн, балдарым үчүн өмүрүмдү да аябайм. «ООРУКАНАГА ЖАТКАНЫ АНЫН ДАГЫ БИР АМАЛЫ» Ырчы айымга азыр талкуу чордонунда турган шакирти экөөнүн чыры тууралуу да суроо узаттык:

– Интернетке тарап кеткен сүрөттөрдү айрымдар сизди таратты деп жатышат. Анжелика Бекболиева ал сүрөттүн талкууларынан улам ооруканага түшкөнүн айтып, жазып чыгышты. Ал айткандай ырдап жатканында фонограммасын өчүртүп салдыңыз беле?

– Мындай сүрөттөр 4-5 жылдан бери эл арасына тарап жүргөн. Мүмкүн, кимдир бирөө ылайыктуу мезгилди күтүп жүрүп чыгаргандыр. Бул сүрөттүн чыгышына, фонограммасынын өчүшүнө менин эч кандай тиешем жок. Мен анын фонограммасы өчтүбү, өчкөн жокпу ишим да болгон жок. Ишенбесеңиздер, үн режиссёрго телефон чалып, үнүн бийик чыгарып угузайын, фонограмманы мен өчүрдүмбү, жокпу өз кулагыңар менен уккула (ырчы телефон аркылуу Рус аттуу адамга байланышка чыкты).

– Саламатсызбы? Рус бекен?

– Ооба.

– Мен Айчүрөк Иманалиева. Анжелика фонограммасын мени өчүртүп салды деп интервью бериптир, ушундай болгонбу?

– Андай болгон эмес. Фонограммасынын аягында өзү пауза бар экен. Мен аны кийин байкадым. Анын мага кол салганы, кол тийгизгени аз келгенсип, элди көзүнө илбей тил тийгизгени, өзү аз келгенсип апасынын асылганы, чүчкүрсө да менден көргөнү, ушунча жылдан бери токтобогон интригалары ден соолугума залакасын тийгизип келе жатат. Анжеликанын ооруканага жатканы элге мени жаман көрсөтөйүн деген дагы бир амалы. Көрөсүңөр го, айтты-койду дебегиле, эртең эле акчанын учу көрүнгөн жерге чуркап барып өзүнүн ишин кыла берет. Дагы кайталап айтам, мага улам келип тийишпей, өз оокатыңды кылчы, айланайын.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу