Таабалды Тиллаев, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Өкмөт биз күткөндөй иштей албай жатат”

– Таабалды мырза, жыл ичинде парламентке, анын сапатына, ишине, алтургай айрым депутаттардын жүрүм-турумуна карата бир топ сындар айтылды. Канчалык негиздүү, жүйөлүү деп ойлойсуз?

– Парламентке карата ар дайым сын-пикирлер айтылып келген, сөзсүз айтылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анүстүнө сын-пикир айтылып турганы жакшы, ага карап түздөнсө, жыйынтык чыгарса болот. Бирок менин оюмча, азыркы иштеп жаткан парламент өз ишин жетиштүү деңгээлде алып барууда. Жеке менин көз карашымда, мурунку чакырылышка караганда жакшы иштеди деп баалайт элем.

– Сиз өзүңүз талкууга түшкөн депутаттардын бири болдуңуз. Пенсия маселесин туура эмес түшүнүп көтөрүп чыктыңызбы, же оюңузду толук түшүндүрө албай калдыңызбы, айтор, сиздин дарекке да сындар айтылды. Кандай кабыл алдыңыз?

– Мага карата айтылган сындар боюнча журналисттерге доомат койгон жокмун. Анткени, мен маселени көтөрөрдөн мурун даяр болчумун бул нерсеге. Себеби, аткаруу бийлиги пенсия маселесин жакшы түшүнбөстүгүн билип туруп көтөрдүм. Кудайга шүгүр, азыр талкуу жүрүп жатат. Мен козгогондон кийин социалдык фонд реформасын баштады. Эки күн мурда коомдук угууга алып чыкты. Бул жакшы
жыйынтык да. Биз пенсияны көтөрмөк түгүл, аны төлөө жагы коркунуч жаратып калган. Соцфондда, каржы министрлиги да, өкмөт да моюнга алды аны. Талкуулардан кийин баарыбыз бул маселени түшүндүк.

– Быйыл кадрдык өзгөрүүлөр көп болду. Өкмөт башчы, курамы алмашты, күч түзүмдөрүндөгүлөр алмашты. Дегеле, депутат катары кадр саясатындагы өзгөрүүлөр купулуңузга толдубу?

– Менин эле эмес, өкмөт башчы деле купулуна толбогонун айтты. Элге түшүндүрүү, өзүнүн программаларын көргөзүү жагынан өкмөт биз күткөндөй иш алып бара албай жатат. Күч түзүмдөрүндөгү башаламандыктын жыйынтыгын көрүп жатабыз. Соттордун кызматтан алынышы, камалышы мени өкүндүрдү. Акыркы окуя, сот айымдын туура эмес чечим кабыл алганы үчүн камалышы – тармактагы чабалдыкты билдирет. Демек, абактагылардын көбү соттордун туура эмес чечимдеринен улам камалышкандар. Муну сөзсүз талдап, комитетте карап, соттордун, укук коргоо органдарынын ишине дагы баа беребиз.

– Жыл ичинде бир канча депутатка кылмыш иши козголду, экөө качып, үчөө мандаттарынан ажырашты. Бул нерсе парламенттин аброюна шек келтирген жокпу?

– Кылмыш иштери козголгон кесиптештериме комментарий бергеним туура эмес болот. Мен бир гана сөз айтат элем, аларга кылмыш иши козголгону, саясый куугунтукка кабылышканы албетге өкүнүчтүү. Ар биринин ишине тарых баа берет.

– Декларация боюнча 120 депутаттын 48и үй-жайы жок болуп чыкты. «Бул чакырылышты байлардын, бизнесмендердин парламенти болду» деген аталышка карама-каршы келип, элди таңкалтырды. Ишенүүгө болобу ушуга?

– Кимдин үй-жайы бар, кимисиники жок, мен билбейм. Өзүм үчүн жооп берсем, мен 20 жылдан бери атамдын үйүндө жашайм. «Мен депутат болдум» деп атамдын үйүн өзүмө каттатып алмак белем? Кесиптештеримдин арасында мендейлер деле бар да. Бирөөсүнүн үйү апасыныкы, агасыныкы дегендей. Ошон үчүн коомчулук да туура түшүнүш керек.

– 2019-жылдын күзүнө барып парламент тарап кетиши ыктымалдыгы айтыла калып жатат. Бул чакырылыш мөөнөтүнүн аягына чейин иштейби же тарап кетүүгө негиздер барбы?

– Сөзсүз аягына чейин иштейт. Таратып жиберүү боюнча Конституцияда мүмкүнчүлүк берилген эмес. Анүстүнө парламент өз ишин аткарып жатат, тарайт деп ойлобойм.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу