С. Исаков Бишкек ТЭЦи боюнча жоопкерчиликтен качып жатабы?

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишенбөөчүлүк жарыялоосунун негизинде премьер-министрлик кызматтан ыргыган Сапар Исаков 19-апрелдин кечинде АШАга тиешелүү «Апрель ТВ» телеканалында эки саатча маек куруп жатып, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча ишке учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду айыптагандай кыйытып кетти. Ал «Бул ишти С. Жээнбековдун өкмөтү жасаган» дегендей ишаарат кылды.

Эске сала кетсек, дал эле ушундай ишааратты 31-мартта экс-президент А. Атамбаев да маалымат жыйынын өткөрүп жатып, кыйытып алган. Андыктан С. Исаков кимдин сөзүн кайталап атканын оңой эле билип алсак болот. Бири экс-президент, экинчи «экс» деген статусу жок калган мурдагы премьер-министр, анан ушундай үлкөн кызматтарды аркалап жүргөн адамдардын каратып туруп калпты ышкыртып атканына эмне дейбиз?

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өкмөттү башкарып турган убакка чейин эле Бишкек ТЭЦин модернизциялоо боюнча келишимдер түзүлүп, кытайлык ТВЕА компаниясынын пайдасына чечилип калганын С. Исаков эң сонун билиши керек болчу.

Бул долбоор 2012-жылдан тарта активдүү жылдырыла баштаган. Ошондо эле коомчулукта «Эмне себептен жылуулук станциялары боюнча тажрыйбасы жок ТВЕАны тандап алышты?» деген суроо пайда болгон. Ошол 2012-2014-жылдары премьер-министрлик кызматта Жантөрө Сатыбалдиев отурган.

2013-жылдын 11-сентябрында кыргыз өкмөтү менен Кытайдын Эксимбанкы Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кредиттик келишимге кол коюшкан. Ошол эле жылдын 11-декабрында Жогорку Кеңештин 91 депутаты кытайлык ТВЕА компаниясынын пайдасына тандоону колдошкон. Андан кийин 12 күндөн соң, 23-декабрда ал кездеги президент А. Атамбаев парламент тарабынан кабыл алынган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон.

Ошол убакта ТЭЦти россиялык компания да модернизациялоо сунушун айткан, бирок андан баш тартышкан. Андыктан ошол убакта бул долбоорду жылдырып, инвесторлордун кызыкчылыгын коргоп, алар менен келишим түзгөндөр кимдер экенин ачык эле айтып коюу керек. Ошол жылдарда энергетика министрлигин О. Артыкбаев, А. Шадиев, А. Калмамбетов, К. Турдубаевдер жетектеген. 2016-жылы Энергетика министрлигинин базасында «Улуттук энергохолдинг» түзүлүп, ага Атамбаевдин күйөө баласы Айбек Калиев дайындалган.

Ошол жылдары «Электрдик станциялар» ААКсында жетекчилик кызматтарда Жолдошбек Назаров, Аман Тентиев, Салайдин Авазовдор отурган.

Демек, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун аки-чүкүсүнө чейин дал ушу латы аталгандар аралашкан. Алардын баарынын башында Атамбаев өзү турган. Ошол убакта С. Исаков да Атамбаевдин аппаратында бөлүм башчылык кызматты аркалоочу, так ушул тышкы саясат бөлүмүндө. Андыктан бул иште С. Исаковдун да салымы болушу мүмкүн.

Мындан улам А. Атамбаев менен С. Исаков эми өздөрүнүн башынан айланган кара булуттан чоочулап, алдын-ала эле актануу аракетинде бардык жалааны мамлекет башчысына оодара салуу аракетине өтүшкөндөй. Бирок, ТЭЦти модернизациялоо боюнча иштерде С. Жээнбековдун катыштыгы жоктугун коомчулук жакшы билет. Документтерде да колу коюлган эмес.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу