С. Исаковдун бейнеси: ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.

2013-жылы КР президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары рангасындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеп туруп, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо чет элдик компаниянын кызыкчылыгын алдын-ала уюштурулган топ менен бирге коргоп, мамлекетке ири суммада зыян келтирген деген айып менен бүгүнкү күндө Сапар Исаков УКМКнын СИЗОсунда жатканы белгилүү.
Анын ал-абалын, кандай шартта кармалып турганын билүү үчүн Кыйноолорду алдын-алуу боюнча Улуттук борбордун эксперттери кирип чыгышканы маалым болду. Анда мурдагы премьер-министр С. Исаков ден-соолугу жакшы экенин, ал жердеги шартка да эч кандай даттануусу жоктугун билдирген. Ошону менен катар эле ал өзүнө тагылып аткан айыпты мойнуна албай турганын билдириптир.
Албетте, ошон үчүн кыргыз элинде илгертеден: «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деген кеп айтылып калган. Андыктан Сапар мырзанын күнөөсүн мойнуна албай атканына деле таң калуунун кереги жок. Бирок, ал «күнөөсүн мойнуна албай атат» деп эле актап жиберүүгө да болбойт. Анын иши соттук териштирүүлөрдө иликтенип, эгерде күнөөсү далилденсе, мойнуна алган, албаганына карабай жоопкерчилик тартат. Биз мыйзам үстөмдүк кылган өлкөдө жашашыбыз керек.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу