Сөзү менен иши дал келбейт экен…

Президенттикке талапкер Таалатбек Масадыков алгач дүң болуп катуу чыкты эле. Жаңы
жүз, таза адам, Кудайым кыргыздарга боору ачып мыкты адамды жиберди деп кубанып
жатышканда, Масадыков элдин үмүтүнө суу сепкендей эле кылды. Ал деле Кубанычбек
Апас, Турсунбек Акун, Бөлтүрүков, Жамбыл, Темирбек Асанбеков сыяктуу бирөө экенин
билдирип койгонсуду. Тили сайраганы менен уюштуруучулук жөндөмү жок экендиги,
каражат жагынан нөл экендиги ачык эле байкала баштады. Башта таскагы катуу болгону
менен ташыркап калгандай. Оозу менен орок оргондон пайда жок экенин Масадыков
түшүнүп жатса керек. Аман болсун.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу