Сүт азыктары жүрөк оорунун алдын алат…

Биз төмөнкү тамак-аштарды үч ирет ичип туруу менен жүрөктүн жакшы иштөөсүнө өбөлгө боло алат экенбиз. Жакында эле Макмастер университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзгөн. Ал изилдөөдө күнүмдүк тамак рациондо сүт азыктарын колдонуу менен жүрөк оорусун алдын алса боло тургандыгын аныкташкан.

Мисалга, бир стакан сүт же болбосо 244 грамм айран,15 грамм быштак жана 5 грамм каймак.

Эскерте кетсек бул изилдөөгө 35-70 жаш аралыктагы 136 миң адам катышкан. Алардын ичинен күнүнө тамак-ашка үч ирет сүт азыктарын колдонгондордо жүрөк кан тамыр оорусу аз катталган. Окумуштуулар эмне себептен сүт азыктары мындай жыйынтык берип жаткандыгын азырынча толук билишпейт. Балким, анын түзүмүндө K, K2, кальций, магний, калий жана башка көптөгөн витаминдерге бай болгондугунда.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу