СҮРӨТ- Эмиль Эсеналиев, тамашочу: «Эрмек, сенин мындай аферист экениңди билген эмесмин»

«Тамашоучулардын чыры»

Белгилүү тамашочу Эмиль Эсеналиев бүгүн, Инстаграм желесине: «Эрмек мен сени туура жүргөн, түз адам деп ойлогом. Бирок, сенин бул кылганың адамгерчиликке жатпайт. Ошол күнү менден карызга алганда, 1-август түшкө чейин алып келип берем дегенсиң. Кана? Жоксуң? Уят да! Так жүргөндү жакшы көрчү эмес белең! Сенин мындай аферист экениңди билген эмесмин! Кана бир чака кум? Бир чака кум сураганда жалдырадың эле го? Бүгүн бербесең заявление жазам! Бир чака кумум кана?»- деп пост жазып интернет колдонуучуларды бир чууга салды.

Көпчүлүк тамаша экенин түшүнбөй негативге басым жазап комментарий калтырышса, тамашаны түшүнгөндөр мыйыгынан гана жылмая тим болушту. Эми чын-бышыгын ким билсиң, бул жигиттерден башка?

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу