СҮРӨТ- Элчинин жемиштүү жолугушуусу келечекке жол салат

Ушул жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.Жекшенкулов Санкт-Петербург тоо-кен университетинде болду.

Бул университет 1773-жылы түптөлүп, 20 ашык жогорку окуу корпустары жана окуу куралдары менен дүйнөгө таанымал болуп келет. Мындан сырткары, университет «Газпром», «BP», «Total», «Роснефть» сыяктуу ири компаниялар менен жемиштүү кызматташып, окууну жакшы аяктаган студенттерди жумуш менен жыл сайын камсыздап келет. Өлкөнүн булуң бурчунан атайын билим алуу үчүн ашыккан студенттерге баардык шарттары каралган. Университеттин жетекчиси тоо-кен музейинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып, учурда Кыргызстандан келген жети студент билим алып жатканын баса белгиледи.

Бул жолугушууда элчи Жекшенкулов Россия Федерациясынын президенти В.Путин менен Кыргыз Республикасынын президенти С.Жээнбеков жолугушуудажогорку квалификациялык инженер кадрларды даярдоого өзгөчө басым көңүл бурулгандыгы тууралуу эскертүү менен кыргызстандык студенттерге бөлүнгөн квотанын санын көбөйтүүнү сунуштады. Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында кыргызстандагы университеттер менен тыгыз кызматташууга макулдашылды.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу