Сүрөт: Элдин үшүн алган — кыздарды сүннөткө отургузуу жөрөлгөсү…

Африкада бүгүнкү күндө да кыздарды сүннөткө отургузган тайпалар кездешет. Америкалык фотограф Зигфрид Модола Кенияда өткөн кыздарды сүнөттөө аземин сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу photo-day.ru сайтына шилтеме жасап NUR.KZ. жазып чыккан.

Африка элинде азыркыга чейин бул салт колдонулуп жатканы бакалат. Жада калса сүнөттөөнүн азабын ар кайсы уруудагы кыздар башынан өткөргөнү айтылат.

БУУнун билдирүүсүнө ылайык, Кенияда бир канча айым бул нерсеге мыйзам тыюу салганына карабастан аткарышкан.

Адистер кедейлер арасында кеңири тараган сүннөткө отургузуу салтынын аялзатынын ден-соолугуна олуттуу зыян экенин айтып чыгышкан.

Белгилей кетсек, тайпа тургундары аталган салтты ишке ашыруу үчүн алдын ала даярданышкан. Түнү менен ортодо от жагышып, кыздарды сүнөттөөчү орундарды даярдашкан.

Кийинки күнү ар бир кыз өзүнө таандык ташка отуруп, сүнөттөлөт. Андан соң кыздардын денесине ак түстөгү боёк сүйкөлөт.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу