СҮРӨТ- Ырчы Урмат Усенов ырчыларды мамлекетке каршы чыгаруу менен эки жаатка бөлүп, чуу салууда.

«Маданияттын мыкты кызматкери», жеке ырчы Урмат Усенов азыркы тапта ырчылардан кол топтоо менен алек. Кол топтоонун натыйжасында ырчылардын укугун коргой турган ассоциация түзүп, анын башына өзү келе турганы белгилүү болду.

Жакында эле Сапар Исаковго баш багып, өзүнүн идеяларын ишке ашыруу үчүн колдоо суранган. Сапар мырза менен жолуккан соң, болгон жерге барып «Сапар мырзанын тапшырмасы» менен деп оюн ишке ашырып жатканына каршы чыккандар да жок эмес.

Себеби, буга чейин ырчылар жана авторлор жарым жыл сайын Кыргыз Патенттен атайын төлөм алып жүрүшсө, эми аларды экиге бөлүп ассоциацияга биригүүсүнө үндөөдө.

Урмат мырзанын бул кылыгын уккан айрым ырчылар «Бизди мамлекетке каршы чыгарууда. Патент мамлекетке тийиштүү болгон соң, алар менен гана иш алып баруу ийгиликтүү экенин» баса белгилегендер ассоциация Кыргыз Патент жасаган ишти жасай алаарына көздөрү жетпей турганын ачыкташты.

Бул боюнча бир нече жерге кайрылууларды жолдоо үчүн атайын ырчылардан топ түзүлмөй болуптур. Бул тууралуу кеңири маекти жакынкы күндөрү сунуштайбыз.

Маржан Назарбаева,

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу