СҮРӨТ- Ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека Ысык-Көлдө эркелешип…

«Аппагым»- деп дуэт аткарып көпчүлүккө таттуу түгөйлөрдөн образ жараткан Аваз Акимов менен Айдана Деканын «Биз ага-карындашпыз. Ортобузда сүйүү жок»- деген маектерин бул ирет четке кагат окшойбуз. Себеби, өз көзүң менен алардын бири-бирине болгон мамилелерин көрүп ага-карындаш эмес, кыз-жигит экенин байкоого болот.

Учурда Ысык-Көлдү бойлой гастролдук сапарда жүргөн ырчылар бирге тамактанып, эркелешип көлгө түшүп, эс алып жүргөндөрүн кезиктирип калдык.

Кыязы, Аваз менен Айдана жакында баш кошо турган түгөйлөрдүн катарын толукташат окшойт…

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу