СҮРӨТ — Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: «Ушундай эле жаш кыргыз кыздарына күйүксөң, анда Кыргызстанда жана чет өлкөдө сойкулукка берилген кыздардын маселесине башынды ооруткун»

Мурдагы депутат, саясатчы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстанга ар тармактуу таанымал инсан. Башка саясатчылардан айрымаланып, алган аялдарын ар дайым ачыкка чыгарып келет. Тилекке каршы көпчүлүк аталган саясатчыны ар кандай сөздөрдү жазып «төпөчтөп» келсе, айрымдары «Турсунбай Бакир уулунун кадамдары туура»,  дешип динге таяшат.

Мындай коомчулуктун ар кандай пикирлеринен тажадыбы айтор, экс-депутат өзүнүн соцтармагына көп аял алганы тууралуу оюн ачыкка чыгарды.

Төмөндө саясатчы Турсунбай Бакир уулунун пикири толугу менен:

Ар бир адам үчүн башка үй-бүлө — караңгы токой. Бирок кээ бир «бактылуу» аялдар жана эркексөрөйлөр жат үй-бүлөөнүн жашоосун «3-Д» кинодой тамаша кылгысы бар! Болбойт жана бовойт, нельзя жана табу, өзгөчө мусулмандардын үй-бүлөөсүнө мурдуңарды тыгуу! Динди коргоо, мекенди коргоо, үй-бүлөөнү коргоо — бул ар бир мусулман учун эн ыйык нерселер жана ким ошол ыйык нерселерге кол салса — жихад жарыяланат!

Өкүнүчтүү, бирок ата-энесинен туура таалим-тарбия албагандыктан жана күйөөсү даюс болуп аялына чоочун эркектерге көз артканы тыюу сала албагандыктан аларга ушул жоопту бергени аргасызмын…

Неберем али 18 ге чыга элек. Бул бир. Экинчиден болсо бойго жеткен кызга үйлөнгөнмүн: мусулманча да калың берип, ата-энесинин да макулдугун алып, кыргызча сарпай да кийгизип. Эмне, сенин оюң боюнча кыздар көчөдө ээсиз буюмдай жатыптырбы? Үчүнчүдөн болсо, мусулмандар сулуулугуна, байлыгына жана башка нерсесине чоң көңүл бурбай, негизи — ыймандуулугуна карап үйлөнөт. АляхамдулилЛах, менин жубайым ошондой. Бактылуу жашап жатабыз, эки балалуу болдук! Төртүнчүдөн болсо, мен силер сыяктуу арам жүргөн жокмун. Ак никелүү аялдарым менен гана жашап жүрөм! Бешинчиден болсо, ушундай эле жаш кыргыз кыздарына күйүксөң, анда Кыргызстанда жана чет өлкөдө сойкулукка берилген кыздардын маселесине башынды ооруткун. Мен сыяктуу үй-бүлөөлөргө бир тыйын да пайдаң тийбегенден кийин ары ойногун! Же кытайга, кореецтерге, негрлерге, жөөттөргө чыккан кыргыз кыздар жоөнүндө кеп кылгын. Мына ошолор динибизден да чыгып, каапыр жээндердин да санын көбөйтүүдө! Алтынчыдан болсо, мен Куран жана Сүннөт менен жашаганы туура көрөм! Ошол үчүн мен үчүн өрнөк — пайгамбарыбыз Мухаммед (салалЛаху алейхи уа салямүшүнүгүң жок болсо илим-билим алып жашап көрбөйсүңбү?! Аллахым сага хидаят менен бакыт-таалай берсин!

PS. Сүрөттө: жаңы төрөлгөн уулума Салахиддин-Музаффар ысымды коюп, кулагына азан окуган учур. Үй-бүлөөмө асылгандардын бардыгына Аллахым хадия кылып берген ушул эки балам — эң жакшы жооп! Вл. Маяковский айткандай: «Читайте, завидуйте!» — мен бактылуумун! Ушунан кийин да тар ичиңер пожар болуп күйүп жатса, ккөзүнөр азиз болоюн болоюн деп көрө албай жатсаңар анда дарегиңерди айткыла: фермер инимден малга бере турган ири туздуу гумпомощь катары үйүңөргө түшүрүп берейин! До потери сознания жалап, жалап алгыла!  А серьезно айтканда: жакшы атка бир камчы жетиштүү дегендей — болду да эми, жеке жашоомо кийлигишти токтотуп, бактылуу адамдардай оөзүңөрдүн гана үй-бүлөөңөр менен алек болгула да! Эгер жардам керек болсо, айткыла — колумдан келген жардамымды аябайм. Сөздөрүм кээ бирөөнңөргө катуу тийсе — кечирип койгула… Ассаламу Алейкум уа РахматулЛахи уа Баракатуху! — деп жазган саясатчы, экс-депутат Турсунбай Бакиру уулу.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу