СҮРӨТ- Нурматтын «Торгою» сүйүктүүсү менен ажырашып…

2016-жылдын кайталангыс хит ырына айланган Нурмат Садыровдун аткаруусундагы «Торгоюм» аттуу клиптин башкы каарманы модель Айпери Абдыжапарова эсиңиздердеби?

Мына ушул сулуу өзүнүн төрт жылдан бери сүйүү мамилесин куруп жүргөн Атай Кененбаев аттуу мырза менен эки ажырым жолго түшүшкөндөрү бизге белгилүү болду.

Эң өкүнүчтүүсү түгөйлөрдүн мамилелери тойго жетип, жакындары сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң той болбой калган. Айпери менен Атай былтыркы жылы мамилелерине акыркы чекитти коюшкан.

Учурда модель башка бир мырза менен кол кармашып жүргөнүнө күбө болдук.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу