СҮРӨТ-Нурлан Насип: “АСЕЛ КЛАССТАШТАРЫМА КЫЗМАТ ӨТӨДҮ”

-Туулган айылыма бара элегиме 7 жыл болуптур. 9-классты бүтүп келгендиктен айрым классташтарымды 12 жылдан бери көрө элек экем. Мен алгач айылыма бекер концерт уюштуруп, андан соң классташтар менен жайлоого чыгып 3 боз үй тигип, жылкы союп, сайрандадык. Асел классташтарга чай куюп, келиндик кызматын аткарды. Анан, албетте, арабызда “балалык сүйүүм сен элең, сага айта албай калдым” деп армандарын айткандар болду (күлүп). Белек катары мугалимдердин үйүнө керектүү буюмдарды сатып алдык. Ошондой эле мектепке проектор, керектүү жабдууларды алып, айылдын мечитин оңдоп бердик.

 

 

БУЛАК: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу