СҮРӨТ: Маркум сүйүктүүсүнө турмушка чыккан кыз баарын ыйлатты…

Америкада Аризон штатына караштуу Тусон шаарынын тургуну маркум болгон сүйгөнүнө турмушка чыгып, калың журтту таң калтырды. Дебби Герлак каргашалуу жол кырсыгынын айынан өмүрлүк жарынан айрылган. Сүйүктүүсүнүн казасына көнө албай жүргөн бийкеч той белгиленген күнү өзгөчө фотосессия жасап, көпчүлүктү ыйлаткан. Бул тууралуу NUR.KZ.  жазып чыккан.

2018 жылдын 11-ноябрь күнү Дебби Герлак менен Рэнди Циммерман үй-бүлө курушмак. Бирок, кырсыктан улам жигиттин өмүрү кыйылган.

Кайгыдан кан жуткан айым никесин кыйдырабыз деген чиркөөдөн сүйүктүүсүн кайтпас сапарга узаткан.

Рэндинин өлүмүнөн кийин Дебби көпкө чейин ага болгон сагынычын соц.тармактарда жазууну токтотпогон. Анын жазган ар бир сабы маркум сүйгөнүнө арналган.

“Үй жыйнап жүрүп, Рэндинин соңку машыгууга кийип барган кийимин таап алдым. Башка бирөө болсо, могу не деген сасык кийим демек. Бирок, менин абалым башка. Анын кийим жыттап кечке ыйлай бердим.

Чачылып жаткан нерселер үчүн сүйүктүүңүздү урушуунун кереги жок. Себеби күндөрдүн бир күнүндө ал жаныңызда жок болуп калса, мага окшоп сасык кийимге зар болуп каласыңар, ”- деп кеңешин берет Дебби.

Рэнди экөөсү үй-бүлө курабыз деген күнү Дебби көпчүлүктү таң калтырды. Ал той белгиленген күнү үлпөт көйнөгү менен атайын фотосессия жасап, окурмандарын ыйлатты.

“11.11.18 Дал бүгүн мен турмушка чыгып, Циммерман тегине ээ болмокмун. Ак көйнөкчөн болуп, туугандардын алдында бири-бирибизге сезимдерибизди билдирмекпиз.

Кайдагы бирөөнүн кайдыгерлиги жашоомду астын-үстүн кылды. “Токто” белгисине да карабай жолдон өткөн машине өз жолу менен бараткан жарыктыгымды кагып кетти.

Сиздерден сураныч жолдон ашыкпай, абай болуңуздар. Бирөөнүн өмүрүнө таасир этип коюшуңуздар мүмкүн,”- дейт айым.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу