СҮРӨТ- Кыргызстандык Барби өзүнө Киан Ривзага окшош мырзаны издейт.

Акыркы жылдары маалыматтык технология өнүгүп, бир нече социалдык тармактар жарыкка чыккан соң ага катталгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Инстаграм желесине баш баксаң, көз суктанткан сулуулардын саны арбын. Бизди дароо өзүнө көңүлдү бурдурган Барби сулуу болду. Ал чыныгы жашоодо да Барби куурчагына куюп койгондой окшош экен. 24 жаштагы Таластын сулуусу Нурзада Аманова КГТУнун студенти.

Келечекте мыкты модельер-конструктор болууну кыялданган Нурзада өзүнө жарашыктуу кийим-кечектерди өзү эле тигип алат экен. Учурда жүрөгү бош жана бойдок айым Киан Ривзага окшош мырзаны күйөөсү болууну кыялданат.

Маржан Назарбаева,

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу